"Эркиндик" жаштар коому

Дүйнөнүн жетишкендиктери тууралуу. Кытайдагы шакек формасындагы  көпүрө.
Дүйнөнүн жетишкендиктери тууралуу. Кытайдагы шакек формасындагы көпүрө.

Жакынкы эле  жылдарда  жөө жүргүнчүлөр үчүн  Шанхай районунда Пудонг аталыштагы жаңы көпүрө курулган. Бул ири көлөмдүү тегерек  көпүрө жүргүнчүлөр үчүн  автоунаа жолунан  өтпөй  Lujiazui-Роуд аялдамасына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Көпүрө бардык коммуникацияга ээ болуп,ал жерден  ири соода борборлорун, дүкөндөрдү жана көптөгөн кеңселердин имараттарын кездештирүүгө болот.

Жолдон 6 метрдей бийиктикте жайгашкан көпүрөдө кирүүчү-чыгуучу  жолдор жана эскалаторлор бар.Ошондой эле заманбап үлгүдө жасалгаланып өтүүчү кишилерге көптөгөн ыңгайлуулукту жаратат. Келген адамдар автоунаалардын арасында кысылбай  эң эле коопсуз жерден өтүү менен бирдикте, шаардын кооздугун  тамаша кылууга да мүмкүнчүлүк алышат. Көпүрөгө түнкүсүн кооз драмалык эффекттердин жардамы менен жарык берилет.

Өтүүчү жол 5,5 метрдей бийиктикте туруп бир убакытта 15 киши жанаша басып өтүп кетсе да болот. Көпүрө курулуп ачылышы болгондон кийин эле ал жердин кооздугуна суктанып атайын көрүү үчүн келген кишилердин саны көбөйгөн. Отургузулган гүлдөр жана декаративдүү жашыл өсүмдүктөр,  шакек формасындагы көпүрөгө кошумча көрк берип өзгөчө сулуулук тартуулап турат.

Дилбар Мирзахакимова

ERKINDIK.RU