Эң жакшы уктоонун 9 ыкмасы
- 05 Сен 2016
- 3298
- 0
Жашоодогу айрым ийгиликтүү бизнесмендер күнүмдүк убактысынын көпчүлүгүн жумушка гана сарптап, уйкуга аз гана саат бөлөт эмеспи. Себеби алар жашоо образдын маңызы болгон уйкуга да убактыларын кызганат. Ал эми жөн гана кофе же төрт сааттык уйку кийинки күнгө калыптанууга дайма эле жете бербейт.
Эгерде сиз кечинде көпкө чейин уктай албай, эрте менен уйкудан турууда кыйынчылыктар болуп жатса төмөндө келтирилген кеңештерди колдонуп көрүңүз.
Ар таңда жакшы маанай менен ойгонуу үчүн өздүк биологиалык саатыңызды тыңшап, дайымкы тартип коюп, ошого гана басым жасаңыз.
Ар дайым уйкуга чейин тынчтык керек. Уктаардан мурда денеңиз уйкуга ыңгайлашуусу үчүн сыналгы көрүүнү же китеп окууну адат кылып алыңыз.
Эс алуудан мурда уктоочу бөлмө дайыма серүүн болуп, ыңгайлуу температура 15-18градус болуусу керек.
Уктоочу бөлмө эс алууга гана арналгандыктан андагы ашыкча техникаларды алып салуу керек. Ал эми телефон же планшет сизди жөн гана алаксытат.
Уктаардан мурда дайыма "эртең эмне кылуум керек"- деген ой менен уйкуга кире албай кыйналабыз андыктан жеке көйгөйлөрдү жана анын чечимин кичине баракчага жазып алып уктоо жакшы эс алууга шарт түзөт.
Эгерде, сиз уктаганда мээ да уктап калат десеңиз, адашасыз. Тескерисинче адамдын мээси уйкуда дагы добуштарды угат, андыктан алаксыткан ар кандай факторлорду жоготуу үчүн табияттын добушун жаздырып алып угуу башка добуштардан ойгонуп кетүүдөн сактайт.
Таңга чейин кофеинди унутуңуз. Анын таасири сиздин организимиңизге 14 саатка чейин улануусу мүмкүн.
Дайыма уктаардан мурда ашыкча гаджеттерди алып салып, жаныңызга алма коюп уктоо организимге жакшы таасирин берип бөлмөдө жагымдуу жыт таратып турат.
Уйкуңуз канча саатта канат экендигин билүү үчүн бир күн будильникти өчүрүп уктап көрүңүз. Канча саат уйку сизге жетиштүү экендигин билип, кайсы убакытта өзүңүз турат экендигиңизди билип алуу ашыкча болбойт.
Айбийке Исакова
ERKINDIK.RU/KG