"Эркиндик" жаштар коому

Орусияда дагы бир кыргыз кыз сабалды.
Орусияда дагы бир кыргыз кыз сабалды.
  • 17 Дек 2013
  • 3382
  • 0

  Интернетте Орусияда  келтектелген кыргыз кызы тууралуу жаңы тасма пайда болду. 16-декабрда социалдык тармактарга чыккан бул тасмада Айнагүл аттуу кызды "башка улуттун өкүлү менен жүрдү" деп кыргыз жигиттери көчөдө ур-токмокко алган. Окуя Москвада болгон, бирок тасма качан тартылганы белгисиз. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча иликтөө башталганын "Азаттыкка" билдирген. “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүбүз деген жигиттер тобуна кордолгон кыздар тууралуу тасмалар 2012-жылы да интернетке жайылган.  Орусиядагы кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнү үчүн келтектеген “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тарабынан издөө жарыяланып, айрымдары колго да түшкөнү да кабарланган. Бирок алардын соттолгон же соттолбогону тууралуу маалымат жок. Эскерте кетсек, буга чейин Орусияда дагы бир Сапаргүл аттуу айымдын сабалганы белгилүү болчу. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

3 + 2 =