"Эркиндик" жаштар коому

Ит мурун ашказан жарасын сакайтууга көмөкчү
Ит мурун ашказан жарасын сакайтууга көмөкчү
  • 08 Окт 2014
  • 2678
  • 0

   Тээ балалык чакта, 6-7 жаштар чамасында гүлдөп, анан ал мөмөгө айланган жемиш жечү элек. Даамы аябай сонун, табитиңди да ачаар эле. Анда биз ал өсүмдүктүн атын да билбептирбиз. Дарылык касиети бар экенин билсек гана, муну жесе болот деп эле жей берген экенбиз. Көрсө ал өсүмдүктүн аты ит мурун экен. Дал ушул ит мурун туурасында кененирээк маалыматтарды баяндап бермекчибиз.

Ит мурун тууралуу

Ит мурун-бийиктиги 2-3 метрге жеткен тикендүү бадал. Сабагында көптөгөн орок сымал тикенектери болот. Жалбырактары татаал, элипске окшош тиштүү. Гүлдөрү бир-бирден же 2-3төн сабакчалардын башында жайгашкан. Гүлдөрүнүн желекчеси - мала кызыл, ак же сары түстө болот. Гүлү беш жалбырактуу , ортосу сары. Май, июнь айларында гүлдөйт. Жыты да адамга жагымдуу келет. Жыты, кооздугу эле болбостон, ит мурун медицинада элдик дарылоодо кеңири колдонулат. Ит мурундун дагы бир аталышы-жапайы роза. Көпчүлүк эл аны токой дарыгери деп да аташат, тоолордо, бадалдар арасында өсөт. Андан сырткары короолорго, сейил бактарга да отургузса болот. Ит мурун косметологияда дагы колдонулат. Ал косметологиялык кремдерге, ласьондорго, бальзамдарга кошулат. 

Кызыктуу маалыматтар

Илгери орустар ит мурунда керемет күч бар деп эсептешкен. Эгерде кимде-ким сүйүү сезимин кааласа, анда ит мурундун суусуна жуунушу керек деп эсептешкен. Мына ошондо ага тунук сүйүү келет дешкен. Славян эли ит мурунду жаштыктын, сүйүүнүн жана сулуулуктун символу катары колдонушкан. Корей элинде ит мурун тууралуу "илгери кичинекей кыз үй-бүлөсүн таба албай гүлгө айланып кеткен" деген уламыш да айтылып келет. 

Ит мурундун дарылык касиети

Медицинада ит мурундун мөмөсү эле колдонулат. Элдик медицина болсо мөмөсүн, тамырын, гүлүн, бутактарын колдонот. Анын ашын С жана Р витаминдеринин жетишсиздигинин алдын алууда ичсе жакшы. Өттү айдама касиети бар. Ошондуктан ал холосас деген дарыны чыгарууда керектелет. Ит мурундун уругунан ит мурун майы иштетилип чыгарылат. Андан жасалган май жараны айыктыруучу касиетке ээ. Жылан чагып алган адамдарга, ит мурунду бир аз чайнап, ошол жерине таңып койсо, жыландын уусун денеге таркатпаганга жардамчы болот. Андан сырткары, ириңдеп кеткен жараларды да айыктыра алат, иммунитетти көтөрөт. Эгерде, иммунитет жогору болсо, адамдын денеси жугуштуу, аллергиялык, вирустук оорулар менен күрөшө алат жана коргойт эмеспи. Зат алмашууну жакшыртат. Денеге зыян болгон холестиринде азайтат, кан тамырларды чыңдайт. Аз кандуулукка жардам берет жана темирдин жетишсиздигин камсыздайт. Ашказандагы жарага да колдонсо болот. Адамдын денесиндеги ашыкча майларды, таксиндерди, шлактарды, туздарды айдап чыгууга жөндөмдүу. Жеңил кургак учук менен ооруган инсандарга дагы шыпаасын берет. Ал көздүн көрүүсүн жакшыртуучу касиетке ээ. Сасык тумоого каршы колдонуу да туура. Көпчүлүк сасык тумоодон арылуу үчүн ит мурундун чайын ичишет. Андан тундурма, кайнатма, чай, ит мурун ширесин жасаса болот. Аны даярдоо абдан оңой жана жөнөкөй. Даамы да жагымдуу болуп, эч кандай жагымсыз жыты болбойт, ичкенге да ыңгайлуу. Жада калса жаш балдар да сүйүп ичкен суусундук боло алат. 

Ит мурундун тундурмасын даярдоо жолу:

Бир чоң кашык ит мурундун мөмөсүн алып, аны жууп тазалап алабыз. Үстүнө эки стакан кайнаган ысык суу куюп, 10-15 саатка үстүн жаап, демдеп коёбуз. Даяр болгондон кийин күнүнө 3 жолу, тамактан мурун жарым саат мурда стакандын өлчөмүндө ичсе болот.

Кайнатылган ит мурун:

Бир же эки чоң кашык ит мурунду алып, жууп, мурутчаларын алып салабыз. Андан кийин ит мурунду бир литр сууга кошуп 2-3 мүнөт кайнатабыз. Андан сырткары ит мурундун тамырын, гүлүн да кошсо болот. 

Ит мурун чайы:

1-2 кашык (же болбосо 15-16даана) ит мурундун мөмөсүн алып, термузга салып, сегиз саатка коюп коюу керек. Сегиз сааттан соң гана анын дарылык касиети "ойгонот". Аны кадимки чайдын ордуна колдонуп, кийинчерек коюуланып кетсе, үстүнө кайнак суудан кошуп койсоңуз болот. 

Ит мурун ширеси:

Ит мурундан даярдалган шире ашказан жараларын айыктырууда жакшы натыйжа берет. Бөйрөктүн иштешин нормалдаштырат, эске тутуунун жөндөмдүүлүгүн арттырат, баш ооруну басаңдатат жана кан айланууну жакшыртат. 

Ширеге:

Ит мурундун кургатылбаган мөмөсү - 1 кг

Бал - 2 стакан

Суу - 2 литр

Алгач ит мурундун уруктарын чыгарып тазалайбыз. Ал жумшак болуусу үчүн аны ысык сууга 2-3 мүнөт коёбуз. Суудан алып, шире чыгаргычтан ширесин бөлүп алабыз. Эки стакан бал кошулган эки литр сууга, бөлүп алган ширени салып 2-3 мүнөт кайнатабыз. Ширени жарым саат тамактан мурда же 2-3 саат тамактан кийин ичүү сунушталат.

Соңунда...

Ит мурун кош бойлуу аялдарга пайдалуу бирок... Сасык тумоону алдын алып, дары-дармекти колдонууга муктаждыктан сактаганы менен кош бойлуу аял дарыгерден кеңеш алуусу зарыл.

Шамбала гезити

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

9 + 3 =