"Эркиндик" жаштар коому

Көнүгүүлөрдүн жардамында үй шартында кантип арыктаса болот?
Көнүгүүлөрдүн жардамында үй шартында кантип арыктаса болот?
  • 07 Ноя 2014
  • 5966
  • 0

  Көпчүлүк келбетин бирдей формада сактап жүрүү үчүн спортзалга барып, машыгып туруу керек деп эсептейт. Ооба, киши жашоосунда спортзалдын орду чоң. Бирок бардык адамдардын шарты туура келе бербейт. Эмесе, үй шартында кантип машыгып, келбетти сактоо тууралуу ой бөлүшөлү.  Эскертүү! Ар бир көнүгүүнү 1 мүнөт убакыт аралыгында гана жасаганы аракет кылыңыз.

1 - сүрөт: Буттарыңызды бийик-бийик көтөрүп, чуркап жаткандай түр көрсөтүңүз. Чуркаңыз, бирок бир ордуңузда.

2 - сүрөт: Чыканагыңыз бүгүп, жерди таянып, көмкөрөңүздөн жатыңыз. Буттарыңызды керип, кайра жыйнаганы аракет кылыңыз. 

3 - сүрөт: Тике туруп, жөн гана секириңиз. Кадимки бакага окшоп.

4 - сүрөт: Алдыга кадам таштап, тизеңизди бүккөн абалда бийик секиргени аракет кылыңыз. Буттарыңызды алмак-салмак кылууну унутпаңыз.

5 - сүрөт: Аябай кубанып жаткандай түр көрсөтүп, колдоруңузду каптал тарапка таштап, кайра көтөрүп секириңиз. Бул учурда буттарыңызды да ачып-жумууңуз керек.

6 - сүрөт: Буттарыңызга кезек менен салмагыңызды салып, учуру менен оң колуңузду сол тарапка, ал эми сол колуңузду оң тарапка таштаңыз.

7 - сүрөт: Секиргичте(скакалка) секирип жаткандай секириңиз.

8 - сүрөт: Эми алаканыңыз менен жерге таяныңыз. Салмагыңызды колдоруңузга салып, буттарыңызды бириктирген абалда ары-бери секириңиз.

9 - сүрөт: Көнүгүүлөр бүттү. Буттарыңызды чоң ачып туруңуз. Терең дем алып, кайра демиңизди чыгарыңыз. Анан кайра ушундайды кайталаңыз. Бул сиздин демиңизди бир калыпка келтирүүгө жардам берет. Соңунда эки бутуңузду бир учурда секирип, бириктириңиз.

Бул көнүгүүлөрдү жасаганы көп убакыт да коробойт. Спортзалга бара албайм деп жаткандан көрө, бул аракет  - эң мыкты. Дайыма келбетиңизди сактап, формада болуп жүрүңүз :).

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

3 + 0 =