"Эркиндик" жаштар коому

Ислам Каримов:
Ислам Каримов: "Кыргызстан ГЭС курса, анда Борбор Азияда согуш башталат"
  • 13 Окт 2015
  • 2954
  • 0

  Орусиянын колдоосу менен Кыргызстанда курулуп жаткан ГЭС Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү суусуз калтырат жана Арал деңизин курутат. Андай учурда согуш чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов айтып чыкты. "Борбор Азиядагы мамлекеттердин суу ресурстарын көзөмөлгө алуу талашы толук кандуу согушка алып келет. ГЭСти курууда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан өз ара макулдашууга келиши керек",-дейт ал.  

Эскерте кетсек, өзбек лидери буга чейин Камбар-Ата ГЭСине БУУнун кийлигишүүсүн сунуштап, эл аралык экспертиза жүргүзүү зарыл экенин айтып чыккан. Анын белгилөөсүнө таянсак, эгерде Камбар-Ата ГЭСи курулуп бүтсө, анда өзбек эли сугат суусуз калат. Ошондой эле түшүм жоголуп, 40 өлкөгө экспорттолчу жемиштер өспөй калышы ыктымал. Расмий маалыматтарга таянсак, Өзбекстан ар жыл сайын 15-18 миллион тонна жашылча-жемиш өндүрүп, баасы 1,5 млрд. долларды түзөт.

Кошумча: 2009-жылы Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо тууралуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Нарын кыркасына салынып жаткан ГЭСтин курулуш иштери убактылуу токтотулган. Анын курулушун эки тараптуу жандантуу чечимине 2012-жылы кол коюлган. Аталган ГЭС ишке түшсө, анда ал бүтүндөй Кыргызстанды электрэнергиясы менен камсыз кылмак. Ошондой эле Кыргызстан аны башка мамлекеттерге сатуу аркылуу пайда көрмөк. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

9 + 8 =