"Эркиндик" жаштар коому

ИИМ: Кадыралиев бычак менен милицияга кол салган маалда жок кылынды
ИИМ: Кадыралиев бычак менен милицияга кол салган маалда жок кылынды
  • 16 Окт 2015
  • 2224
  • 0

  Ички иштер министрлигинен расмий алынган маалыматка караганда, абактан качкандарды кармоо учурунда кылмышкер Данияр Кадыралиев бычак менен милиция кызматкерлерине кол салган. Натыйжада милиция ок ачып, аны өлтүргөн.

Маалыматка ылайык, кечээ түндө абактан качкандардын экөө Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев “Дордой” базары жакта жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Атайын топ түнү бою аймакта издөө иштерин жүргүздү. Эртең менен “Дордой-1” жаңы конушундагы издөө учурунда Данияр Кадыралиев милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, милиция ок чыгарууга аргасыз болгон. Маалымат боюнча Кадыралиевге үч ок тийип, өлгөн. Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө жетишкен. Учурда аны издөө иштери уланууда. Милициянын маалыматы боюнча качкандар ээн үйдө жашынып жатышкан. Качкандардын экөө: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановдун дайыны белгисиз.

Өлтүрүлдү делген Данияр Кадыралиев:

 

Ал эми калган үчөө дале изделүүдө. Алтынбек Итибаев — 1977-жылы Ош шаарында туулган. Буга чейин соттолгон эмес. "Жайшул-Махди" партиясынын активдүү мүчөсү:

Эдил Абдрахманов — 1986-жылы Чүйдүн Көк —Жар айылында туулган. "Жайшул-Махди" партиясынын мүчөсү:

 

Азамат Мусуралиев — 1987-жылы, Жалал-Абад шаарындагы Кара-Көл шаарында туулган. "Жайшул-Махди" партиясынын мүчөсү:

Пикир калтырыңыз:

9 + 5 =