"Эркиндик" жаштар коому

Жер жүзүндөгү 750 млн киши суу астында калышы ыктымал
Жер жүзүндөгү 750 млн киши суу астында калышы ыктымал
  • 11 Ноя 2015
  • 4226
  • 0

  Жер шаарындагы орточо жылдык температуранын 4 градус Цельсийге жетиши Дүйнөлүк океандын кыйрашына жана эбегейсиз чоң суу ташкынына алып келиши ыктымал. Анын кесепетинен 470 тен 750 млн го чейинки адам суу астында кылышы күтүлөт. Бул тууралуу Climate Central изилдөө уюму айтып чыкты. Алар мындай чечимге деңиз жээгиндеги райондордун спутниктен тартылган сүрөттөрүнө анализ жүргүзгөндөн соң келишкен. Ары Дүйнөлүк океандын деңгээли Жер планетасындагы аба температурасынын чайпалуусунан улам өзгөрүп баратат. Мындан улам изилдөөчүлөр компьютердин жардамы аркылуу суу каптоого кабылчу шаарлардын болжолдуу сценарийин түзүп чыгышты. Алардын арасында Лондон, Нью-Йорк, Сидней, Шанхай жана Токио бар.

Суу каптоо болжол менен 2100-жылдарга барып жүз бериши мүмкүн. Ага ылайык, эң көп жоготуу Кытайда болушу күтүлөт, болжол менен 140 млн адам үй-жайсыз калат. Ошондой эле Бангладеш, Вьетнам, Индия жана Япониянын деңизге жакын аймактары суу астына кетет. Чыгыш өлкөлөрүнүн 30 млн кишиси суу каптоодо жок болуп, муну менен жер жүзүндөгү калктын төрттөн бир бөлүгү жоголот. 

Окумуштуулардын айтымында, эгерде дүйнө мамлекеттери жакынкы убакыт аралыгында чыгынды бууланууну токтотуу чарасын көрбөсө, абал катастрофа менен аякташы толук мүмкүн. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

4 + 3 =