"Эркиндик" жаштар коому

Филиппинде Акаевти сыйлоо учурунда Кыргызстандын желеги көтөрүлдү
Филиппинде Акаевти сыйлоо учурунда Кыргызстандын желеги көтөрүлдү
  • 28 Ноя 2015
  • 3027
  • 0

  Ушул аптанын 25-ноябрында Филиппиндин борбору Манилада дүйнөлүк Гузи сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Азем Улуттук кеңешменин залында 6 миң көрүүчүнүн катышуусунда өттү. Ага дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген окумуштуу-лауреаттар менен катар Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев да катышты. 2005-жылдагы Жоогазын революциясынан кийин Акаевтин Орусияда жашап жатканына карабай, сыйлоо учурунда Кыргызстандын желеги көтөрүлдү. Ага бул сыйлык математикадагы залкар окумуштуулугу үчүн жана мурдагы демократиялык лидерлиги үчүн ыйгарылды. Гузи сыйлыгынын Эл аралык комитети Акаевти КРнын биринчи президенти болуу менен эркиндикке умтулуунун далилин көрсөткөндүгүн айтып, экс-президенттин 2005-жылдагы "эч бир бийлик адамзатынын бир тамчы канына арзыбайт"-деп айтканын мисал келтирди. "Сиз ошондой эле дүйнөлүк динамиканын үлгүлөө методологиясынын калыптанышына өтө чоң салым коштуңуз. Техникаңыз дал 2008-2009-жылдардагы дүйнөдөгү финансылык-экономикалык каатчылык учурунда өздөштүрүлдү. Демек, сиз XXI-кылымдын алдыңкы 10 жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолун түзгөндөрдүн бирисиз. Мындайча айтканда, дүйнөлүк каатчылыктын экинчи толкунун алдын ала айтып чыктыңыз",-деп кошумчалады комитет. 

Кошумча: Дүйнөлүк Гузи сыйлыгы 2002-жылы Нобель сыйлыгынын Азиядагы аналогу катары Филиппинде түптөлгөн. Ал Планетадагы жеке өздүктөргө же адамдардын тобуна берилет. Анын негизги критерийи тынчтыктын калыптануусуна кошулган салым, адам укугунун корголуусу жана илим, искусстводогу жетишкендиктер болуп саналат. Жыл сайын аталган сыйлык менен 1000 адамдан суурулуп чыккан дүйнөдөгү 10-15 киши сыйланат.

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

9 + 8 =