"Эркиндик" жаштар коому

Мигранттар Атамбаевтен чек ара масалесин тез арада чечүүнү талап кылат
Мигранттар Атамбаевтен чек ара масалесин тез арада чечүүнү талап кылат
  • 03 Июл 2016
  • 3707
  • 0

Кечээ, 2-июль күнү, Москвадагы мигранттар, Царицыно сейил багына чогулуп, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге жана өкмөткө кайрылуу жолдоп, 5-июль күнү Москвадан коомдук бирикмелердин башчылары Кыргызстанга учуп барып, Аксыдагы "Эл үнү" коомдук бирикмесинин 12-июлда 5 талап менен өтүүчү тынчтык митингин колдоп кошулаарын "Мекенчил мигранттар" уюмунун лидери Амантур Туманбеков кабарлады.

Урматы бийик улуу элибиздин катарында четте жүргөн "Мекенчил мигранттар" уюмунун атынан Кыргызстандагы бийлик төбөлдөрүнө кайрылуу жолдойбуз.

Урматтуу бийлик төбөлдөрү, урматтуу президент, биз кыргыз мигранттары, ак мөңгүсүн кийген аска зоолорду сагынып, Кыргызстандын тамчы суусуна зарыгып, абасына куса болуп, өлкөнүн кадырын баалап, мамлекет кыйын абалда турганда ага да чыдап, мекенибизден бөтөн жакка көр оокаттын артынан чыгып кеттик. Соңку учурларда биз үмүттөнгөн өнүгүү ишке ашпай, берилген убадалар аткарылбай, Кыргызстан кыйын кезге түшүп жатканына биз кайдыгер карай албайбыз. Кечээ 30-июнь күнү, Аксы районунун Сөгөт айылына кошуна өлкөнүн чек арачылары бастырып келип, жерибизди ээлеп алды. Чек ара аймактары жакшы көзөмөлгө алынбагандыгы, кошуна өлкөдөгүлөр каалаган учурунда бизге бастырып келе бергендиги, светтин кымбаттаганы, суунун азайгандыгы, тышкы карыздын көбөйгөндүгү жалпы журтту санаага салып, тынчын алууда. Мындай оорчундуу көйгөйлөр миңдеп саналат. Өлкөдөн тышта жүргөн мигранттардын абакка түшүп сыздагандары, өзү эмес сөөгү мекенге баргандары, көптөгөн азап тартып жүргөндөрү текке кетпей Кыргызстан өнүгүүгө олуттуу кадам таштоосу абзел болчу. Биз "Мекенчил мигранттар" уюму учурдагы абалга кайдыгер карабай, байма-бай карылуу жолдоп, бийлик башындагылардан аталган көйгөйлөрдү тез арада чечүүлөрүн талап кылабыз!

1-Президент Алмазбек Атамбаевтен тез арада чек ара масалесин жөнгө салууну талап кылабыз!

2-Свет, суу, экономика, миграция жана башка ушул сыяктуу олуттуу масалелерди тез арада чечүүнү талап кылабыз!

3- Учурдагы олуттуу көйгөйгө айланган кыргыз паспортундагы "улуту кыргыз"-дегенди алып салууга карышыбыз. Мурдагыдай эле улуту жазылуусун талап кылабыз!

Кайрылууга кол койгондор:

"Москвадагы мекенчил мигранттар уюму" Амантур Туманбеков, Канатбек Акылбеков, Уланбек Акматбеков, Ырысгүл Саматова.

"Жаштар коому" коомдук бирикмеси. Орозайым Нарматова.

"Ак ниет" коомдук кыймылы. Данияр Алимов.

ERKINDIK.RU/KG

Пикир калтырыңыз:

7 + 4 =