"Эркиндик" жаштар коому

"Аsia Mix" командасынын катышуучусу Ситора Фармонова лицензиясынан ажырады
  • 20 Июл 2016
  • 1954
  • 0

  Ырчы жана актриса Ситора Фармонованы Өзбекстандын  “Узбекнаво” мамлекеттик уюму лицензиясынан ажыратты. Белгилүү болгондой, Ситора Фармонова Орусиядагы КВН сынагына“Азия MIX” тобунун курамында эки жылдан бери чыгып жүрөт.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда өзбекстандык колдонуучулары актрисанын КВН сахнасындагы азилдери, анын сөздөрү өзбектерди мазактоо экенин айтып, сындап жатышат. Ошондой эле КВНге Кыргызстандын атынан чыгып жургөнү айрым жарандардын нараазылыгын жаратууда.

“Узбекнаво” мамлекеттик агенттигинин талабына ылайык, чет жактагы концерттерге катышкан ырчылар сөзсүз түрдө алдын ала жазуу түрүндө маалымат берүүгө тийиш. Буга чейин мындай талапты аткарбаган ондонгон ырчылардын лицензиясы алынган

Кошумча: Бишкекте түптөлгөн “Азия MIX” тобундагы кыз-жигиттер Борбор Азиядагы мамлекеттерден куралып, 2014-жылдан бери Орусиянын КВН сынагына катышып жүрөт. Мындан сырткары, Ситора Фармонова 2013-жылы Бишкекте тартылган “Жатакана” сериалында да башкы ролдордун бирин аткарган.

 

Айбике Исакова

ERKINDIK.RU\KG

Пикир калтырыңыз:

8 + 5 =