"Эркиндик" жаштар коому

Обаманын кичине кызы ресторанда тейлөөчү болуп иштейт
Обаманын кичине кызы ресторанда тейлөөчү болуп иштейт
  • 06 Авг 2016
  • 4800
  • 0

  АКШнын президенти Барак Обаманын 15 жаштагы кызы балык ресторанына тейлөөчү болуп иштейт. Саша (Обаманын кызы өз аты Наташа) Массачусетс штатындагы Мартас-Винъярд аралында иштеп жүргөндүгүн жергиликтүү ММКлар жазышкан. Маалыматка ылайык, Саша ресторандын атайын формасын кийип, 6 адамдын коштоосунда адамдарга тамактарын жеткирип жүргөн. Алгач кошо иштегендер анын жанында жардамдашып жүргөн адамдарга таң калышып, кийин гана анын ким экендигин билишкен. Президенттин кичине кызы өз жумушун аткарып жүргөн мезгилде, атайын кызматкердер унаада, отургучтарда көз салып турушат. 

Буга чейин да, биринчи айым Мишель Обама кыздарына жөнөкөй жарандардай тарбия берерин айтып жүргөн. 

 

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU\KG

 

Пикир калтырыңыз:

9 + 1 =