"Эркиндик" жаштар коому

Садыр Жапаров: 14 жараныбыз өрттөн, 9 жараныбыз автокырсыктан көз жумганы чоң трагедия.
Садыр Жапаров: 14 жараныбыз өрттөн, 9 жараныбыз автокырсыктан көз жумганы чоң трагедия.
  • 29 Авг 2016
  • 4595
  • 0

Урматтуу замандаштар! Москвада мекендештерибиздин өмүрүн алган тилсиз жоо баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, сай-сөөгүбүздү сыздатып, бүтүндөй кыргыз элинин жүрөгүн ыйлатты. Асманыбызды кара булут каптап, бир эле күндө 14 жараныбыз өрттөн, 9 жараныбыз автокырсыктан көз жумганы чоң трагедия. Бул жакындарын жоготуп, кан жутуп отурган маркумдардын үй-бүлөсүнүн эле эмес, жалпы элдин кайгысы. Жаңыдан ачылып келаткан гүлдөрүнөн айрылган ата-энелерине, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Он гүлүнөн бир гүлү ачылбай, эне сүтү оозунан кете элек секелек кыздардын жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко, жандары жаннатта болсун!

Садыр Жапаров

Пикир калтырыңыз:

6 + 1 =