Москвада өрттөн каза болгон 14 кыздын сөөгү Кыргызстанга бүгүн алып келинет
- 29 Авг 2016
- 2800
- 0
Москвадагы өрттөн каза болгон 14 кыздын сөөгү салынган атайын учак Кыргызстанга бүгүн алып келинет.
Кыргыз жарандарынын сөөктөрүн мекенине жиберүү үчүн тиешелүү уруксат документтери толтурулуп, коштоочу адамдардын тизмеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан түзүлүп бүткөндүгүн билдиришти. Сөөктөр бүгүн, 29-августта Кыргызстанга жиберилет.