"Эркиндик" жаштар коому

БУУ журналисттерди өлтүргөндөрдү катуу жазалоого үндөдү
БУУ журналисттерди өлтүргөндөрдү катуу жазалоого үндөдү
  • 02 Ноя 2016
  • 449
  • 0

Акыркы он жылда профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн 800дөн ашык журналист өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 2-ноябрда белгиленчү Журналисттерге каршы жасалган кылмыштарды жазасыз калтырууну токтотуунун эл аралык күнүнө арналган БУУнун билдирүүсүндө айтылат.

БУУ 10 кылмыштын тогузунда күнөөкөрлөр жазага тартылбайт деп эсептей. Адам укуктарын бузгандарды сот аркылуу жазалоо үчүн чаралар көрүлбөй, журналисттерге карата зомбулуктар кайталанып жатканына тынчсызданууда. Мындан улам БУУ тиешелүү чаралардын көрүлүшүн талап кылат.

Журналисттердин эл аралык федерациясынын маалыматы боюнча быйыл профессионалдык милдеттерин аткаруу маалында дүйнөдө 66 журналист өлтүрүлгөн. Алардын көбү Ооганстанда, анда жалпысынан 11 журналист каза болгон. Мексика менен Иракта 5 журналисттин өмүрү кыйылса, башка өлкөлөрдө бирден бешке чейинки сандагы ЖМК өкүлдөрү мерт болгон.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 2013-жылдагы 68-сессиясында 68/163 резолюциясын кабыл алган. Анда 2-ноябрь Журналисттерге каршы жасалган кылмыштарды жазасыз калтырууну токтотуунун эл аралык күнү деп белгиленген. Резолюция уюмга мүчө өлкөлөрдү жазасыздыкка каршы күрөшүүдө конкреттүү чараларды көрүүгө чакырат. Бул күн 2013-жылдын 2-ноябрында Малиде өлтүрүлгөн эки француз журналистинин элесине арналып тандалган.

 

Пикир калтырыңыз:

4 + 1 =