«Дүйнө периси-2016» сынагына 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы чыгат
- 09 Ноя 2016
- 1342
- 0
«Дүйнө периси-2016» эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан Перизат Расулбек кызы чыгат. Конкурс 18-декабрда Вашингтондо өтөт.
Расмий сайтта көрсөтүлгөндөй, Перизат Расулбек кызы 18 жашта. Ал студент, акыйкаттуулукка жетүү үчүн адвокат болууну максат кылууда.
Уюштуруучулардын суроолоруна жооп берип жатып, Перизат өзүн ак көңүл, калыс, билимдүү кыз катары сыпаттаган. Мындан тышкары ал саламдашуу иретинде атайын ролик камдаган.
Сынактын уюштуруучулары Перизаттын сүрөтүнүн алдына Кыргызстандын эмес Казакстандын желегин жайгаштыруу менен катачылык кетиришкен.