"Эркиндик" жаштар коому

Көктөм
Көктөм
  • 21 Окт 2014
  • 2056
  • 0

   Мына быйыл дагы бир жаз келди. Быйылкы жаз былтыркыдай шандуу болбой, мага азап менен тозокту алып келгенсиди. Убакыт өтсө унутуп калам го деп жүргөн жаным, убакыт өткөн сайын мурдагыдан да көп азап чегип жүрөм. 

  Өткөн жылы кышында автобустун арткы орундугунда, чарчагансып отурган сени көрдүм. Кишилердин жанынан кысылып өттүм дагы сага жеттим. 

-Чарчап калыпсыз го, кайда бара жатасыз? 

-Кайдан билдиңиз чарчаганымды, көзүңүз ачыкпы? 

-Ошондойум дагы бар.

-Дагы эмнени көрүп турасыз? 

-Дагы көп эле нерселерди көрүп жатам.

-Жакшы талантыныз бар экен, деп мени карадың, анан экөөбүз тең күлүп жибердик. "Менин түшө турган жерим жакын калган турбайбы "-деп даярданып калдың, кетип бара жатып кол булгалап койдуң. Эртеси да сабактан чыгып келе жатып сени көрдүм, менин колумда "Манас" эпосунун жаны басылган китеби бар эле. Сен китепти көрдүң да 

-Эмне эпосту окуганы алдыңызбы? 

-Китеп текчеге койгону алдым, мектепте жүргөндө окуганмын. 

-Жакшы мен китеп окугандарды, китеп сактагандарды аябай сыйлайм. 

-Жакшы го мени да сыйлачы? 

-Сыйлап жатам го.

-Кантип сыйлап жатасың? 

-Сүйлөшүп дедиң сен, тамашалуу сөздөрүң ошондо мени кантип арбап алганын билбей калдым. Ошентип сенин жогорку окуу жайында окушуңду, келечекте журналист болушуңду да билдим. Күндө ушул автобустан сени менен жолугам, анан эле сүйлөшө кетебиз, сүйлөшүп жатып эле кайсы бир күлкүлүү сөздү айтасын да, экөөбүз тең каткырып эле жатып калабыз. Бир күнү келе жатып:

-Айтмакчы атын ким ?

-Мен да ошону сурайын дедим эле, Арууке. 

-Кемел, дедим колумду сунуп.

-Карыганда араң таанышпадыкпы -дедиң күлүп. Ошол күнү экөөбүз көпкө чейин шаарды айланып жүрдүк. Сен ыр жазган сезимтал кыз экенсиң, колуңдан кармап алайын десем, макул болбодуң. Окуган китептерин жөнүндө, көргөн кинолоруң жөнүндө барына анализ берип айта берчүсүң: "Чынгыз атабыздын "Жамийла" чыгармасын мен мындай деп ойлойм: атабыздын оюнда Жамийла Данияр менен качып кетти бирок туура жыйынтык чыгарган мен да чыгарманын ошондой бүткөнүнө ыраазымын" -дедиң. 

 -Чындап эле ошондой болгон.

 -Жок жазуучунун оюнда ошондой болгон. 

 -Мм... Ойлонуп калдым, көрсө чыгармаларды жазылганындай эле кабыл ала берет экенмин. Жаныбыздан өтүп бара жаткан, келиндин баласы жыгылып кетти, апасынан мурда сен чуркап бардың да баланы тургузуп, чаңын кагып "айланып кетейин ий катуу тийип калдыңбы, кой эми ыйлаба күчүгүм"- деп сооротуп жатканыңды көргөн апасы, кошо жалынып жатты баласына. "Рахмат өмүрлүү бол сиңдим "-деп бизден узай берди. Ошондо билдим сенин баланы жакшы көрөөрүңдү. Бул менин жаралуу жериме катуу батты, себеби менин эч качан балалуу болбосумду дарыгерлер эки жыл мурда айтышкан. Ошондуктан окуумду убактылуу токтоттум да, Россияга келе бердим. 

 

 Сен гана бактылуу болсоң болду, кара көзүм, сени эч качан унутпайм. "Жок дегенде коштошуп кетпеди "-деп ойлоп жаткандырсың кара көзүм, мага ушундайы туура болду. А эшикте тынымсыз жааган жамгыр мага окшоп, кайгылуу көктөмдү тосуп жатты… 

                                                                                                      Форум

                                                                                                                        ERKINDIK.RU 

Пикир калтырыңыз:

9 + 2 =