Келбеттеги 90-60-90 сандары кайдан чыккан?
- 05 Ноя 2014
- 2051
- 0
90-60-90 – бул жөн гана сандар эмес. Бул – сулуулуктун эталону. Идеалдуу келбет. Эгер сенин параметриң ушундай болсо, демек, сен идеалсың. Муну ар бир бийкеч билет.
Идеалдуу келбет тарыхы
“90-60-90” эң оңой түшүндүрүлөт. 20-кылымдын аягында жана 21-кылымдын башында сулуулуктун эталону болуп моделдер эсептелинген. Аларды тууроонун натыйжасында бул сандар ушул күнгө чейин күчүн жоготпой келет. Бирок, бул сандарды ким ойлоп тапкан? Эмне үчүн башка сандар эмес, дал ушул 90-60-90? Бул стандартка ээ болуу үчүн бийкечтерди азап чегүүгө ким мажбур кылды? Так жообун эч ким билбейт. Бирок, божомолдор бар.
Бүткүл дүйнөгө белгилүү 90-60-90 параметринин келип чыгышына кадимки эле манекен себеп болгон дешет. Бул сандар айымдын идеалдуу келбети эмес, болгону ылайыктуу сандардын топтому. Башкача айтканда, 90-60-90 өлчөмдүү манекенди жасаган инженердин ойлоп тапканы.
Өзүнүн шедеврлерин жараткан модельерге эми ушундай параметрге ээ болгон “тирүү манекен” керек болгон. Ошентип, моделдикке көкүрөгүнүн өлчөмү 90 сантиметр, бели – 60, жамбашы – 90 сантиметр болгон кыздарды тандай башташат. Көйнөк жарашыктуу болуш үчүн модель стандарттуу параметрге ээ болгондон тышкары узун бойлуу болууга да тийиш эле.
Мезгилге жараша сулуулук эталону
Сулуулуктун эталону – өзгөргүч, туруксуз көрүнүш. Бир туруп чоң көкүрөк мода болсо, бир туруп дээрлик анын жоктугу бааланган. Же болбосо дүйнөлүк моданын туу чокусун арыктар багынтса, кайсы бир убакта толуктар...
Байыркы Греция менен Римде түптүз мурун, тегерете ийилген каш, чоң көз, ак саргыл тери жана тармал чач бааланган. Бул доордогу сулуулуктун эталону болуп Венера Милосская жана Венера Таврическаялар эсептелинген.
Орто кылымда түз мурун, сүйрү бет, бийик маңдай, чоң жана көгүлтүр көздөр, өтө эле кичине ооздор.
Кайра жаралуу доорунда болсо сүйрү беттерге жана узун моюнга маани берилген. Бул доордо жашаган айымдар бетин узун кылып көрсөтүү үчүн алды жагындагы чачтарын кырдырып, каштарын түп орду менен жок кылып салышкан. Ал эми моюн мүмкүн болушунча узун болуп көрүнүү үчүн кежигесиндеги чачтарын алдырышкан.
Кайра жаралуу доорундагы сулуу аялдын ийини кенен, алкымында бир дагы сөөк билинбөөгө тийиш эле. Ошону менен катар аялдардын кичинекей тамандуу буттары мода болгон.
Барокко жана рококо доорунда. Бул доордогу сулуулуктун эталону – кичинекей көкүрөк, кичинекей таман, кичине мурун, ак тери жана аппак тиштер, узун чач жана узун дене, ичке манжалар жана ичке эрин. Бул доордогу идеалдуу белдер тегерек болууга тийиш болгон.
Классицизм. Аял аппак терилүү, табигый болуш керек болчу. Бул доордо дал ушундай сулуулук стандарты бийлик кылган.
Романтизм. 19-кылымдын 60-жылдарынын аягында аялдагы ден соолук, кыймылдуулук, толугураак форма жана ачык боёктор баалана баштайт. Эркектерди аялдын ачык ийиндери азгырган. Айымдын назиктигине, табышмактуу көз карашына өзгөчө маани берилген.
20-кылымдын башы. Жоон бел, чоң көкүрөк. Идеалдуу бой 165 сантиметр болгон.
1920-жылдар. Бул убакта аялдар тууралуу салттуу түшүнүк толук өзгөргөн. Аял менен эркектин кебетелери жакындашып, кыймылдуу, чымыр денелүү кыздар моданын туу чокусуна чыгышкан. Ичке бел, кичине жамбаштар бааланган.
1950-60-жылдар. Идеалдуу сулуулуктун ээси Мэрилин Монро болгон. Анын болпойгон эриндери, кооз жамбашы, түптүз буттары жана ажайып келбети Американын президентин азгырган.
1960-70-жылдар. 60-жылдардын ортосунан баштап идеалдуу сулуулар болуп Брижит Бардо менен Одри Хэпбёрн эсептелинген. Ичке каш, узун бут, чоң эмес келбет мода болгон.
1980-90-жылдар. Бул жылдардан баштап чымыр денелүү, таасирдүү айымдарга кезек келген. 90-60-90 параметрине ээ болуп, 175 сантиметрден төмөн эмес бойлуу моделдер азыр да сулуулуктун эталону болуп эсептелинишет.
Келечекте. Жаңы кылым жаңы каармандарды талап кылат. Француз адистеринин билдирүүсүнө караганда, жакынкы 5 жылдын ичинде азыркы мода толук эскирет. Арыктар модадан чыгып, алардын ордун ичке белдүү, жумшак, болпогой фигуралуу сулуулар ээлейт дешет.
Айназик Раимкулова
Леди кж