"Эркиндик" жаштар коому

Ли Куан Ю Сингапурду кедей өлкөдөн өнүккөн өлкөгө кандайча жеткирген?
Ли Куан Ю Сингапурду кедей өлкөдөн өнүккөн өлкөгө кандайча жеткирген?
  • 25 Мар 2015
  • 2136
  • 0

  23-мартта 92 жаш курагында Сингапурдун экономикасынын "керемети" Ли Куан Ю каза тапты. Ли 31 жыл Сингапурдун премьер-министри болуп иштеп, бул жылдар аралыгында ал өлкөнү эң кедей мамлекеттен өнүккөн өлкөгө айландыра алды. Сингапур керек болсо сууга таңсык, жашоо шарты төмөн өлкө болчу. Линин саясий иш алпаруусу менен Сингапур дүйнөдөгу эң экономикасы өнүккөн өлкөгө айланды. ERKINDIK.RU сайты премьер-министирдин жасаган иштеринин урунттуу учурларын баяндап бермекчи. 

  Сингапур 1965-жылы эгемендикке жетишкенден кийин кедейлигинен керек болсо сууну жана курулуш материалдарынан бери сырттан алып кирүүгө мажбур болгон өлкө болчу. Кошуна өлкөлөр менен да мамиле ысык, жада калса жылуу да болгон эмес. Ал эми коррупция өлкөнү муунта каптап калган кез эле. 

  Ли Куан Ю жана ал 1954-жылы негиздеген “Элдик аракет” аттуу партиясы узак мөөнөткө созулган проекттер менен иштеген. Проекттердин баарын бир гана чет элдик адистер көзөмөлдөп турчу. Алардын негизгиси максаты калктан билимдүүлүгүн көтөрүү жана атуулдар арзан баага сатып ала турган үйлөрдү куруу болуп эсептелген. Лини авторитардык модернизациянын үлгүсү катары көрсөтүп келишет. Анткени ал ар бир пландын үстүндө катуу талап менен иштеген. Анын эң негизги жетишкендиги – экспорттоодогу туура тандоо эле.

  Сингапурда бардык компаниялар бирдей укукка ээ болуп, атаандаш болууга умтулуучулуктун деңгээли өскөн. Мына ушундай талап менен Сингапур мамлекеттүүлүгүн бекемдей баштаган. Ли коррупция менен аянбай, өтө катуу тартипте күрөшкөндүгүнүн далили катары анын мындай сөзү айтылып келет. “Коррупцияны жоюуну өзүңүздүн эң жакын адамыңыздан үчөөнү абакка камоо менен баштаңыз. Сиз да, алар да эмне үчүн камалгандыгын жакшы билишет”. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү үчүн мамлекеттик чиновниктердин айлык акысы аябагандай көп суммага көтөрүлгөн. Тууганчылык жана жакындык бийликте болгон эмес, эч бир чиновник тууганын же жакынын жумушка алуудан баш тарткан. Анткени чыныгы акылдуу жана жөндөмдүү адамдар жумушка алынып, аларга болгон талап өскөн. Ошондой эле Ли жана анын партиялаштары мамлекеттик бюжетти катуу көзөмөлдөшкөн. Анын дефицит болуп калышына алар жол беришкен эмес жана ага катуу аракеттенишкен. 

Ушул жылдын 3-июнунда Линин аракети астында Сингапур Англиядан бөлүнүп чыкканына 55 жыл толот. 

  Сингапурдун өзгөчөлүү айырмачылыгы – чет элдик инвесторлорду өлкөгө тартуусунда болуп эсептелет. Дүйнөдөгү эң ири компаниялар капиталдык жана илимдик мекемелерди ачып, заманбап технологияларды алып келип турган. Албетте, инвесторлорду тартуу жумшак салык программасы аркылуу жасалган. 1970-жылы улуттук жана чет элдик компаниялар 5 жылдык салыктан бошотулган. Аларга ишин улантууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүп берилген. Дал ушул кадамдын жыйынтыгы менен Сингапурдагы чет элдик инвестиция жана өндүрүш 4 млрд сингапур долларын түзгөн. Учурда да Сингапурдур инвесторлордун Мекени катары кала берүүдө. Ли өзүнүн реформалары менен жумушсуздукту жойгон. Бизнес жасоого түзүлгөн эң ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр элдин жашоосунун жакшыруусуна алып келген, көптөгөн жумуш орундары түзүлгөн. Аны менен катар билимдин сапаты жакшырган. Жумушка алуудагы талаптарын негизинде калк билимдүүлүккө умтула баштаган. Студенттерди чет элдик мыкты ЖОЖдорго окутууну камсыздаган компаниялардын саны өскөн. Жыйынтыгында Сингапур 20-кылымдын аягында кедей колониялык өлкөдөн Азиянын өнүккөн өлкөсүнө айланган. Учурда Сингапурда улуттук баалуулуктарга караганда мамлекеттин программасы алдыңкы орунда турат. 

Кошумча: Ли Куан Ю 1923-жылы, 16-сентябрда туулган. 1959-жылы өлкөнүн биринчи премьер-министри болуп, бийликти 31 башкарып турган. 1996-жылы жүрөгүнө операция жасаткан. 2015-жылдын 5-февралында ооруканага түшкөн саясатчынын абалы 22-февралда оорлоп кеткендиги айтылып, 23-мартта Ли Куан Ю ооруканада каза тапты. Буга байланыштуу Сингапур бийлиги 1 жумалык аза күтүү жарыялады. 

Ли Куан Ю өтө күчтүү оратор катары таанымал эле. Ага таандык айрым цитаталарды келтирүү менен чектелебиз.

Мамлекеттик жумуш тууралуу:

"Керек болсо өлүм чеңгелинде жатканда да мен эмненидир бүтүрбөгөндөй боло берем. Мен акырын турам да жумушумду аягына чыгарам. Менин премьер-министирликтен кеткенимди "бул өмүр бою пенсияга кетти" деп эсептегендер дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп койсун".

Саясат тууралуу:

"Эрдик сезимдери болбогон адамдар жакшысы үйүндө байпак токуп отурганы жакшы. Саясат алсыздар үчүн эмес. Саясат үчүн талап кылуучулук жана жыйынтыкты сүйүүчүлүк гана жарашат".

Талап коё бергендик тууралуу:

"Элдер мени жарандардын жеке жашоосуна кирише берет деп көп айтышат. Бирок, мен мындай кылбаганда силердин азыркы жашооңор курулбайт болчу. Кыйыр эмес, түз айта алам, мен адамдардын жеке жашоосуна киришпесем, алардын жашоосун оңдой албайт болчумун. Сиздин кошунаңыз ким, кантип жашоо кечирип жатасыз, кайсы тилде сүйлөөдөсүз, кайсы туура экенин биз чечебиз. Башкалар кандай ойлогону маанилүү эмес".

Адамдардагы мамиле тууралуу:

"Мен үчүн эң маанилүүсү - адамдардын мамилеси. Аялым, үй-бүлөм жана досторумдун колдоосу менен ушуга чейин жашап келдим. Өзүм негиздеген достук мамилелер, мен түзгөн үй-бүлөлүк байланыштар жашоодон ырахат алуума шарт түзөт. Мына дал ошол адамдар азыркы "мени" тарбиялашты".

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу:

"Билимдүү эркек үйлөнөрдө билимдүү аялдан баш тартса, анда аны акмак деш керек. Эгерде билими жогору эмес аялга үйлөнсөң, анда бир гана балаң акылдуу болуп, калгандары акылсыз болуп төрөлүшөт. Ошондо чачыңды жуласың".

Демократия тууралуу:

"Эгер демократияга ишенген болсоң, анда сенин ишенимиңе эч нерсе тоскоол болбошу керек. Демократия дегенде эркин чогулуштарды, эркин сүйлөп жатканыңды жана эркин сүйлөгөн адамдарды элестет".

Келечек тууралуу:

"Ар бир адам учурдагы нерсени түшүнүп жетип, келечектен коркпош үчүн, өтмүштү жана элинин тарыхын жакшы билүүсү керек. Азыр болуп жаткан нерсени күзөтүп гана турбай, эмнеге башкача эмес, дал ушундай болду деп ой жүгүртүү зарыл. Мындайды жеке адам да, жалпы мамлекет да ойлоп турушу шарт. Адамдын жеке тажрыйбасы өзү ага эмне жагар, жакпасын, эмнеден кубаныч күтүп, эмнеден капаланып, коркот экендигин айтып берип турат. Улут дагы дал ушундай".

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU 

Пикир калтырыңыз:

8 + 2 =