"Эркиндик" жаштар коому

Телефондо тыңшоолор тууралуу билдирүүчү сырдуу коддор
Телефондо тыңшоолор тууралуу билдирүүчү сырдуу коддор
  • 03 Сен 2015
  • 7446
  • 0

  Жатсак, турсак да, жада калса, уктаганда да кучактап жаткан уюлдук телефонубуз аркылуу башка адамдар менен толгон-токой сырларыбызды сүйлөшөбүз. Бирөөнү сөз кылып, талкуулайбыз, даттанабыз. Дал ошол себептен акыркы учурда интернетте чиновниктердин телефондогу сүйлөшүүлөрү актуалдуу болуп кетпедиби? 

Балким, сизди дал ушул учурда кимдир бирөө тыңшоого алып жаткандыр. Билгиңиз келеби? Төмөнкү маалымат сизге көмөк берип калышы мүмкүн :

*#06#. iPhone`ду эске алуу менен бардык смартфондордун уникалдуу IMEI номерин билүү үчүн;

*#21#. Чалууларды жана каттардын жандырылган кайра даректөөсүн (переадресация) билүү үчүн; Бул коддун жардамы менен сиздин артыңыздан кимдер “аңчылык” кылып жүргөнүн биле аласыз.

*#62#. Бул буйрукту терүү менен чалуулар кайсы номерге кайра даректелип (переадресация) жатканын биле аласыз.

##002#. Чалуулардагы бардык кайра даректөөлөрдү (переадресация) өчүрүү үчүн. Демек, бардык чалуулар сизге гана келет;

*#30#. Чалып жаткан абоненттин номер билүү маалыматын аныктоого;

*#33#. Мындай буйрук кирүү чалууларына колдоо көрсөтүү сервистерине (чалуу, СМС ж.б.у.с) коюлган бөгөт (блокировка) жөнүндө маалымат берет.

*#43#. Чалуулардагы күтүү режими тууралуу маалымат берет;

*3001#12345#*. Сим-карта тууралуу бардык маалымат. 

Ошондой эле, технология өнүккөн заманда "оригинал" же "жасалгаланган" телефондорду билүү айрымдарга кыйынчылык туудушуру ыктымал. Биз сизге көмөк беребиз! 

Уюлдук телефондон *#06# командасын тересиз, узун сандар чыгат. Сол жактан 7-8-номерлерди карайсыз. Эгерде: 

- 08 же 80 болсо, анда телефонуңуз Германияда чыгарылган. Бул телефондун сапатынын мыктылыгын билдирет; 

- 03, 06 же 30 - телефон Кытайда чыгарылган; 

- 05 же 50 - телефон АКШда чыгарылган, сапаты мыкты; 

- 04 же 40 - телефон Индияда (Румыния, Венгрия) чыгарылган, сапаты начар; 

- 02 же 20 - телефон Аравияда чыгарылган, сапаты начар; 

- 01 же 10 - телефон Финляндияда чыгарылган, сапаттуу;

- 00 - телефон асыл нускада чыгарылган, сапаты өтө жогору; 

- 13 же 31- телефон Азербайжанда чыгарылган, сапаты начар. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

7 + 3 =