"Эркиндик" жаштар коому

Жылдыз белги ээлеринин кимиси таарынчак?
Жылдыз белги ээлеринин кимиси таарынчак?
  • 06 Ноя 2015
  • 2169
  • 0

Кой жылдызы (21-марттан 20-апрелге чейин) 

Мындай сүйкүмдүү жанды таарынтып алууга кантип батындыңыз экен? Ошентсе да алар дароо эле кечиришет. Кой жылдызы астында төрөлгөндөр негизинен тез ачуулуу келишсе да, эмоциясын башкара билген адамдар десек туура болот. Алар кекчил да эмес. Жада калса, капа кылган адамга кайра боору ооруп чыгышы мүмкүн. 

 

Букачар жылдызы (21-апрелден 21-майга чейин) 

Букачар жылдызынын алдында төрөлгөн адамдардын ачуусуна тийбеген оң. Таарынтып алган болсоңуз да аларга башында көңүл бурбашыңыз мүмкүн. Анткени, алар алгач таарынычын билдирбей, "адамды капа кылган туура эмес, адамдын көңүлү гүлдөй"-деген сыяктуу кейиген сөздөрдү сизди тарбиялоо максатында айта бериши мүмкүн. Качан сиз өзүңүздү жаман адам катары сезип калганыңызда букачарлар капталыңыздан келип кол салышат. Эгерде сабырдуулук менен мамиле жасабасаңыз, маселе сиздин пайдаңызга чечилбей калышы толук мүмкүн.  

 

Эгиздер жылдызы (22-майдан 21-июнга чейин) 

Алар менен күтүүсүз жерден эле уруш чыгып кетиши мүмкүн. Болбогон нерседен эле таарыныч чыгып, ал тез темпте өнүгүп кетет. Уруш оңой менен аяктабайт, акырында жагымсыз сөздөр аралашып, жыйынтыгында мамилелер үзүлүшү толук мүмкүн. Бирок, уруштан соң капа болбой эле койсоңуз болот, анткени эгиздер сизди дароо эле унутуп, жашоосунан сызып кое алат. 

 

Бөйөн жылдызы (22-июндан 23-июлга чейин) 

Чаян жылдызынын алдында төрөлгөндөр аябагандай таарынчак келишет. Ошол себептүү аларды таарынтуу да оңой, анткени алар баарын жүрөккө жакын кабыл алышат. Таарынган чаян жаман ойлуу, кекчил болсо да анда боорукерлик басымдуулук кылат. Балким сизди кечирип жибериши да ыктымал. Ал үчүн сөзсүз чын жүрөктөн кечирим суроо керек. Ал эми чаяндар баарибир кек алууну чечкен болсо, анда сиздин ишиңиз оңунан чыкпады деп эсептей бериңиз. 

 

Арстан жылдызы (24-июлдан 23-августка чейин) 

Эгерде арстан жылдызынын астында төрөлгөн адам таарынган болсо, анда сиз аны жетишерлик мактап, баалабай койгонсуз. Арстандар көңүл борборунда болууну жактырышкандыктан, көп учурда эл алдында эле таарынычын билдиришет. Ошол эле маалда алар таасирлүү адамдар боло тургандыгын эстен чыгарбаңыздар. Арстандарды мактап турсаңыз сизди эч качан карыздар кылбайт. Керектүү учурда жардамын да аяшпайт.

 

Бийкеч жылдызы (24-августтан 23-сентябрга чейин) 

Бийкеч жылдызынын алдында төрөлгөн адамдарды таарынтуу оңой эмес. Алар чындыгында кекчил, каардуу боло алышпайт. Керек болсо бийкеч жылдызы астында төрөлгөндөр эмнеге таарынганын да унутуп калышат. 

 

Тараза жылдызы (24-сентябрдан 23-октябрга чейин) 

Таразалар да кекчил эмес. Бирок, бала сыяктуу таарынышып, ызы-чуу чыгарып, таарынткан адамдын тынчын алып жөн койбогондордон. Ошондой эле мындай "жаман адам" тууралуу баарына кабарлап коюулары да мүмкүн. Таразалардын эң жаман өч алуусу - бул ушак. Жакшы жол - анын алдына келип, кечирим сурап коюу керек. Ишене бериңиз, алар дароо кечирет. Себеби таразалар адамдар менен араздашып жүргөндө, кайра өздөрүнүн жан дүйнөсү да жабыркап турат. 

 

Чаян жылдызы (24-октябрдан 22-ноябрга чейин) 

Бөйөн жылдызы алдында төрөлгөндөрдү таарынтуу оңой, анткени алар аябагандай сезимтал жана бат таасирленүүчүлөр. Бирок, кечирим суроого шашпай эле койсоңуз болот. Алар аябай кекчил болгондуктан акырындап рахат алуу менен өч алуулары мүмкүн. Бөйөндөр күч колдоно алат, эгерде өзүнүн күчү жетпесе киллер жалдап болсо да ызасын чыгарат. Такыр кечире алышпайт деп ойлобоңуз, эгерде эң жакын адам болсо анда алардан кандай таарыныч болсо да унутууга даяр.

 

Жаачы жылдызы (23-ноябрдан 21-декабрга чейин) 

Жаачыларды таарынтуу кыйын, булар кекчил да болушпайт. Аларды таарынтып алган болсоңуз масштабдуу чуу чыгарып жиберүүлөрү мүмкүн. Анын кесепетинен таарынткан адам өзү эле жашоо менен кош айтышкысы келип кетет. Негизинен алар табиятты, ааламды жактырышат. Андыктан ичиндеги таарынычын чачып бүткөн соң жеңилдеп, кечиримдүү болуп калышат.

 

Текечер жылдызы (22-декабрдан 20-январга чейин) 

Текечерлерди оңой-олтоң таарынтуу мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, аларды таарынуусу көбүнчө жасаган жумушуна сын айтуудан же киришүүдөн келип чыгат. Негизинен алар жумушта тоскоол болгон адамдарды, орунсуз сын айткандарды жактырышпайт. Ошондой учурда сиз сыныңызды анын жакшылыгы үчүн айтканыңызды жеткире түшүндүрө алсаңыз, алар сиздин камкордугуңузду баалап акыры бир күн кечиришет. 

 

Суу куйду (21-декабрдан 19-февралга чейин)

Суу куйгуч жылдызынын астында төрөлгөндөрдү алардын идеясын кабыл албай койгондугуңуздан улам таарынтып алышыңыз мүмкүн. Алар эч нерсе айтпастан баарын таштап кетип калышат. Бул жылдыз белгиси астында төрөлгөндөр сизди анын акылдуулук мүмкүнчүлүктөрүн баалай албаган кемчонтой сыяктуу ойлошот. Туура, балким алардын идеясы өзгөчө болот, канткенде да анын жакшы тарабын байкап кечирим сурап коюу ашыкча болбойт. Балким, мындай идеялардын артында улуу иштер катылышы мүмкүн. 

 

Балык жылдызы (20-февралдан 20-мартка чейин)

Балыктарды таарынтып алдыңызбы? Караңызчы алар эми кандай кыйналып, капаланып жүрүшөт. Баары сиздин жасаганыңыздын эсеси. Ооба, сиз түрү суук, ырайымсыз адам болуп чыктыңыз. Дагы эле уялбай турасызбы? Аларды таарынтуу оңой эле. Чындыгында балыктар аябай боорукер болгондуктан тез эле кечиришет. Бирок, бир шарт менен, сиз жаман адамсыз, алар - периште. Же ички туюмунда ушинтип ойлоп калууну оң көрүшөт. Ал эми эгерде алар өч алууну кааласа анда учугу жок ушак чыгарып жиберүүсү мүмкүн.

Жаңыл Султанова

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

7 + 6 =