Кытайда мыйзамсыз акча өздөштүргөндөрдүн жашоосу, өлүм менен аяктайт
- 18 Апр 2016
- 2175
- 0
Кытайдагы кең көлөмдүү кампания, пара алгандарга каршы күрөшүүнү бир нече жылдардан бери улантып келет. Экс президент Си Цзиньпин бийликке келгенден кийин, партиялык тартипти сактабай, коррупцияда айыпталган он миңдеген атка минер жазаланган.
Кытай жогорку элдик соту жана жогорку элдик прокуратурасы, коррупционерлерге каршы колдонулуучу өлүм жаза тартибин аныкташты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазат.
Мындан кийин 460 миң доолардан жогорку акчаны мыйзамсыз түрдө өздөштүрүп алгандарга жана пара алгандарга өлүм жазасы колдонулат.
Кең көлөмдөгү кампания 2012-жылдан баштап Си Цзиньпиндин бийликке келгенден тарта, коррупцияга күрөшүүнү баштаган. Ушул жылдын январ айынын официалдуу статистикасы боюнча, 5459 атка минер жазаланган. Коммиссиянын 2015-жылдын статистикасында 50 миңге жакын чиновник партиялык тартипти бузгандыгы үчүн айыпталышкан.
Кытайда өлүм жазасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк колдонулат. Официалдуу эмес аныктама боюнча мындай өкүмдөр беш миңдеп чыгарылып турат. Аталган жаза 46-статиядагы жазык кодексинде мыйзамсыз маңзаттарды жүргүзгөндөр үчүн да колдонулат. Соңку учурларда коррупцияга байланыштуу атып өлтүрулгөндөр көбөйдү. Өлкөдө өлүм жазасы атуу жана инъексалоо жолу менен колдонулат.
ERKINDIK.RU/KG