"Эркиндик" жаштар коому

Садыр Жапаров: Эл референдумга каршы турушу керек!
Садыр Жапаров: Эл референдумга каршы турушу керек!
  • 30 Авг 2016
  • 1555
  • 0

Эл референдумга каршы турушу керек! 
Себеби, уч кишинин (президент, премьер-министр, спикердин) кызыкчылыгы учун референдум откорушот. Мамлекетибизге зыянынан башка эч пайдасы жок. А казнадан болсо, 500 миллион (жарым миллиард) сом чыгым кетет. Ал сиз менен биздин чонтогубуздон чыгым боло турган акча. Кийинки муундардын мойнуна карыз болуп илинип кала турган акча. Ансыз да азыр ушул тапта 4 миллиард доллар сырткы карызбыз бар.

Экс-депутат Садыр Жапаров менен маектешип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан ар кандай суроолорго жооп алдык.

– Садыр Нуркожоевич, “Күзүндө референдум болот, баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет, парламент тарайт” деген сөздөр болуп жатпайбы. Шамал болбосо чөптүн башы каймылдабайт эмеспи. Чындап эле Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, кандай өзгөртүүлөр болуш керек? Жаңы Баш мыйзам элге пайдасы бар болооруна көзүңүз жетеби?

– Эгер азыркы бийлик Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе турган болсо, анда он чакты кишинин кызыкчылыгына иштеген, мамлекетти акырына чейин талкалап бүтүрө турган Баш мыйзам болот. Элге эч пайдасы тийбейт. Он чакты киши дегеним, президент, премьер-министр, спикер жана башка 7-8 чиновниктин кызыкчылыктары үчүн өзгөртүлүп жатат. Себеби, эмки жылы президенттик шайлоо болот. Ошого чейин бийлик бутактарын бөлүштүрүп, ар ким өз ордуларын аныктап, шайлоодон кийин ар кимиси даярдап алышкан орундарына “лып” этип барып, олтуруп калабыз деп камданып жатышат.

– Элдин пайдасына иштей турган Баш мыйзам кандай болуш керек эле? Сиздин оюңуз боюнча кандай өзгөртүү киргизиш керек? Жеке сунушуңуз барбы?

– Жеке сунушум бар. Төрт жылдан бери айтып келе жатам. Былтыр парламенттик шайлоо алдында “Мекенчил” партиясынын программасы катарында да сунуштаганбыз. Бирок, ар кандай тоскоолдуктардан улам шайлоого катыша алган эмеспиз. Эгер чындап эле жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына иштей турган Баш мыйзам болсун десек, эң аз дегенде 100 жыл өзгөргүс жаңы Баш мыйзам кабыл алышыбыз керек. Ошону менен бирге эле элүү жылга чейинки мамлекеттик программа кабыл алынышы зарыл. Бул деген сөз ким президент болуп келбесин же кандай парламент шайланбасын, баш аламан болбостон, кабыл алынган программанын негизинде мамлекеттин иши улана берет.
Баш мыйзам кайсы бир өлкөнү туурап эмес, өзүбүздүн менталитетибизге ылайык мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган Баш мыйзам болуш керек. Бир нерсе болсо эле баланча өнүккөн өлкөнүкү мындай экен, тиги өнүккөн өлкөнүкү тигиндей экен деп көчүрүп ала беришет. Ал өнүккөн өлкөлөрдүн эли менен биздин элибиздин менталитетин, каада-салтын, жашоо шарттарын таптакыр салыштырып болбойт да. Кандай гана иш кылбайлы, биздин өзүбүздүн каада-салтыбызга, жашоо шартыбызга, өз элибиздин абалына жараша иш кылышыбыз керек. Качан гана элдин жашоо шарты жогорку деңгээлге жеткенден кийин анан кайсы бир өнүккөн өлкөлөргө салыштырып, парламенттик башкаруу деп теңдеше алсак болот. Албетте, өнүккөн өлкөлөрдүн да жакшы жактарын сөзсүз алып, жаман жактарынан качышыбыз керек.
Эми башкаруу системасы боюнча сунушумду кыскача айтайын.
Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча президент өкмөттү өзү башкарышы керек. Премьер-министр деген кызмат жоюлуп, парламент бир мандаттуу округдардан шайланып келиш керек. Талапкерлерди партиялар жылдырса да болот. Ошондо ар бир райондун өзүнүн өкүлү депутат болуп келет. Ошол райондун элинин көйгөйүн бийликке жеткирип турат. Жыл сайын президент менен парламент жалпы элдин алдында жылдык отчетторун берет. Жылына бир жолу баардык аймактардан эки миңден кем эмес адам курултайга чогулуп, отчет алып турушат. Отчеттор толугу менен түз эфирден жалпы журтка көрсөтүлүп турат. Отчетторун алгандан кийин, канааттандырарлыкпы же жокпу деген гана добуш берип, тарап кетип турушат. Добуштун жыйынтыгына жараша президент менен парламенттин тагдыры чечилет. Канааттандырарлык эмес деген добуш алышса, экөө тең отставкага кетишет. Жаңы президент, жаңы парламент шайланат. Буга чейинки Баш мыйзамдардагыдай ит болсо да эптеп чыдайлы, мөөнөтү бүткөндө кетээр деп олтура бербейбиз. Балким, эки жылдан кийин эле эл курултай аркылуу айдап түшөт да башкадан шайлоо болот. Анткени, мамлекеттин, элдин тагдыры оюнчук эмес да. Беш-алты жыл мөөнөтү бүткүчө деп күткүдөй. Убакыт күтпөйт тура.
Мына ушундай система түзгөнүбүздө гана ар жыл сайын элдин колунда бийликти зыкылдатып иштетип турган инструмент пайда болот. Президент кетсин, парламент кетсин деп эч ким митинг кылбай калышат. Элдин колунда курултайга чогулуп, президенттин, парламенттин тагдырын калемдин башы менен эле чечип койчу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Мына накта элдик бийлик деген ушул система. Азыр болсо беш жылда бир жолу шайлоодо гана элге бийлик тийет. Ошондо да алдамчылар элди алдап, сатып алчусун сатып алышып, бийликке келгенден кийин беш жыл бою бир дагы жолу отчет бербестен ичип-жеп, талап-тоноп кетип жатышпайбы. Буга чейин бир дагы президент же парламент эл алдында жылдык отчет бергенин көрдүңүздөрбү? Албетте жок. Журналисттерди чогултуп алып, беш өрдөктөрүн учуруп коюшат. Эч жоопкерчиликтери жок.

– Беш жыл мурда парламенттик башкаруу деп жар салбадык беле. Бул башкаруу системабыз эмне себептерден улам иштеп кете албай жатат деп ойлойсуз?

– Себеби, саясатчыларыбыз да, элибиз да мындай сиситемага даяр эмес эле. Шайлоо башталганда 15 партия катышса ансыз деле бөлүнө калчу элибиз 15ке бөлүнөт. Бир үй-бүлөдө беш шайлоочу болсо, беш башка партияга иштешет. Кимисинин программасы кандай экенине кызыгып да коюшпайт. Бир аз акча үчүн туш келди партияга иштеп алышат да, кайра беш жыл бою алдап кетишти, мамлекеттин, биздин кызыкчылыгыбызды сатып жиберишти деп каргап жүрө беришет. Колдорунан эч нерсе келбейт. Анткени, депутаттарды кайра чакыртып алуу процедурасы жокко эсе, абдан татаал. Ошон үчүн Курултай институтун киргизип коюшубуз керек. Көп деле чыгым кетпейт. Премьер-министр жоюлса, ал пайдасыз сарптап жүргөн чыгымдын миңден бир пайызы жетет. Мындан сырткары, ар бир райондон шайланып келишкен депутаттар, беш жылдан кийин кайра эле өз районума барам дешип, таза иштеп беришет. Шайлоочуларынын алдында жоопкерчиликтүү болуп, коркуп турушат.
Азыркы партиялык системада болсо эч ким жооп бербейт. Партиянын башында көрүнүктүү бир лидер турат дагы, тизмесин 20га чейин жалаң акчасы бар, бай адамдарга “золотой орун” деп, ар бир орунду 300-500 миң долларга чейин сатышат. Анан ал депутаттар парламентке келип, албетте, баары дегенден алысмын, тазалар да бар, бирок көпчүлүгү, баягы берген акчасын толукташ үчүн, кнопкаларын макул же каршы деген добуш берем, канча бересиң деп, каралып жаткан маселеге кызыктар тарап менен соодалашышат. Таза депутаттардын маселени мамлекеттин пайдасына чечиш үчүн добушу жетпейт. Баардык министрлерди, облустардын губернаторлорун, акимдерин, айыл өкмөттөрүнө чейин устукандап, бөлүп алышат. Анан ал кызматтарга адистиги туура келеби, жокпу, тажрыйбасы барбы, жокпу, эч ойлонбостон туугандарын, шоопурларын жана башка өңү тааныштарын коюп алышат. “Эй, мунуң адис эмес турбайбы?” десең, “Ушул жерден үйрөнүп кетет, биздин партияга чуркап берген” дешет. Мына ушундан улам мамлекетибиз сазга батты. Мен мындай окуяларды өз көзүм менен көргөн киши катары ишенимдүү айтып жатам. Мамлекеттин, элдин канчалаган кызыкчылыгы сатылып кетти. Ошентип бул система мамлекетке эбегейсиз зор зыян келтирди жана келтирип жатат. Мындан ары деле ушул система иштеп турса, мындай көрүнүштөр улана берет. Эч ким токтото албайт. Жаңы Баш мыйзам жана өзүбүздүн элибиздин менталитетине ыңгайлуу келген жаңы башкаруу системасын орнотсок гана токтото алат.
Элибиз да даяр эмес дегеним. Депутат болсо эле жолубузду оңдоп бериш керек, мектеп салып бериш керек, көпүрө салып бериш керек, кыскасы райондо болгон иштин баарын депутат жасап бериш керек деп түшүнүшөт. Бул депутаттын иши эмес. Бул өкмөттүн иши. Депутат мыйзам жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөп, элдин ошол көйгөйүн бийликке жеткирип туруш керек. Анан эң негизгиси парламентте элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы каралганда кнопкасын сатпаш керек. Мына ушул депутаттын иши. Эгер, шайлоочулары көпүрө салып бер, жол оңдоп бер, тигини сатып бер деп кыйнай беришсе, анда депутат мамлекеттен уурдаш керек же кнопкасын сатып, анан элдин талабын аткарып бериш керек. Болбосо депутатта айлыгы менен микрофонунан башка эч нерсеси жок. Ошон үчүн шайлоочуларына авторитеттүү болоюн дешип, депутаттар жанагинтип кнопкаларын сатып, андан чөнөтөгүнө түшкөн пайданын он пайызы менен шайлоочуларынын талабын аткарып коюшса, андан өткөн жакшы депутат жок. Парламентке барып алып, ошол эле шайлоочулары менен мамлекеттин кызыкчылыгын миң эсе жогорку баада сатып жибергенин элдер билишпейт. Мына ушинтип бүгүнкү система менен мамлекетибиздин кендири кесилип жатпайбы.

– Бул өзгөрүүнүн баарын ким жасаш керек эле? Президентпи, парламентпи же өкмөтпү? Абдан орчундуу, эбегейсиз зор өзгөрүүлөрдү сунуштап жаткан экенсиз. Мамлекетибизге оор келип калбайбы? Эгемендүүлүк алганыбыздан бери ушул система менен башкарып келе жатышпайбы, башкаруучуларыбыз бүгүнкү системага көнүп калышкан дегендей…

– Бул өзгөрүүлөрдү белди бекем бууп туруп, президент өзү колго алыш керек эле. Тилекке каршы, ушак териштирип жүрүп эле беш жылын өткөрүп жиберди. Эмнеге бүгүнкү башкаруу системасы башчыларга жагат? Анткени, бүгүнкү система – ууруларга, коррупционерлерге ыңгайлуу система. Ичип-жеп алып кете беришет. Эч жоопкерчилик жок.
Биз сунуштап жаткан система бул чоң өзгөрүү. Мамлекетти башкаруу системасын пайдубалынан бери жаңыдан куруу системасы. Сөзсүз жасаган кишиге кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок, кимдир бирөө акыры жасаш керек да. Мамлекетибизге оорчулук келбейт. Тескерисинче бул система менен мамлекетибиз дүркүрөп өнүгүп-өсүп кетээрине көзүм жетет. Анча-мынча жумушсуз калган мамлекеттик кызматкерлер болот. Себеби, бири-бирин кайталаган миңдеген кызматтардын көбү жоюлат. Бирок, кызматынан бош калгандарды жана башка бош жүргөн жарандарыбызды дагы коомчулукка пайдасы тийе турган башка жумуш орундары менен камсыз кылсак болот.

– Эми коомчулукту экиге бөлүп жаткан дин маселесинен суроо узатсак. Айтыңызчы, динге сиздин көз карашыңыз кандай? Сиз мусулмансызбы?

– Албетте, мусулманмын. Мусулман кылып жараткан Алла Таалага миң мертебе ыраазымын. Эми биз кыргыздар динде экиге бөлүнгөнүбүз туура эмес. Мындай бөлүнүүгө айрым жарандарыбыздын дин боюнча түшүнүгү аз болгондуктан улам келип чыгып жатат. Бул көйгөйдү тамырынан дарылабай туруп, “Кайран элим кайда баратабыз” деген көрнөк-жарнак илген менен маселе оң жакка чечилбейт. Эгер, экиге бөлүнүү улана берсе, жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, коомубузга адептүү, билимдүү, баардык диндерден түшүнүгү жогору жарандарды алабыз, коомубузду оңдойбуз десек, элибизди мектеп жашынан баштап тарбиялашыбыз керек. Мисалы, мектептерге 4-класстан баштап дин таануу сабагын киргизишибиз керек. Дин таануу десе эле айрымдар чочуп кетпеш керек. Ал сабакта бир гана мусулман динин кармангандар жөнүндө кеп болбойт. Баардык диндер тууралуу толук түшүнүктөр, алардын тарыхы, кимдер кайсы динди карманышат, эмне себептен бири мусулман, бири христиан, бири будда диндерин карманышат жана ушул сыяктуу маселелерди окутат. 4-класстан баштап 11-класска чейин кандай окутулушу жөнүндө программалары, окуу куралдарын аалымдарыбыз Билим берүү министрлиги менен биргеликте иштеп чыгышы абзел. Мына ошондо гана биз динде экиге бөлүнүүчүлүктү, Сирия сыяктуу мамлекеттерге жихадка кетүүлөрдү, ырайымсыз террактарды жасап, бейкүнөө адамдарды өлтүргөндөрдү кан буугандай токтото алабыз. Анткени, динден эч билими, түшүнүгү жок мектепти бүтүргөн жаштарыбызды ислам динин жамынган террористтер, “Сен каапырларды өлтүрсөң, аларга каршы согушка катышсаң түз эле бейишке барасың” деп алдашса, ишенип ээрчип кетип жатышпайбы. Адам баласы эмес айбанды адилетсиз өлтүргөнү үчүн, каапырбы же мусулманбы баары Кудайдын алдында ар бири өзү үчүн жооп берээрин түшүнбөй жатышпайбы. Ким бейишке чыгат, ким тозокко барат, аны бир Кудай өзү билет.
Эмне үчүн Европа өлкөлөрүндө көпчүлүк адамдар маданияттуу. Себеби, 4-класстан баштап “Религия” сабагын окутушат. Албетте, адам акмагы менен миң дегендей жаман адамдар да бар. Бирок, мен жакшы жактарын айтайын. Ошол религия сабагында адам өзүн коомчулукта кандай алып жүрүш керек, ата-энени, эжей-агайларды кантип сыйлаш керек, көчөгө таштанды таштабаш керек, таанысаң да, тааныбасаң да адамдар менен кантип учурашыш керек, ууру кылба, ушак сүйлөбө, ар бир нерсеге өзүң анализ жаса деген сыяктуу тартиптерден баштап, баардык диндерден түшүнүк берип, 11-классты бүтүрүп коюшат. Мына ошентип коомдун тартиптүү, билимдүү мүчөсүн алышат. Ошон үчүн тез өнүгүп жатышат. Бизде болсо мамлекет молдолордун ишине кийлигишпесин, молдолор мамлекеттин ишине кийлигишпесин деген илгерки союз мезгилиндеги түшүнүк менен жашап келе жатабыз. Эмне молдолор асманга учуп кетишсинби? Тескерисинче, мамлекет толук көзөмөлгө алып, жардам бериш керек. Билим берүү министринин бир орун басары баардык диндерден толук түшүнүгү бар адам болуш керек. Мына ошондо гана биз коомчулугубузду тартипке сала алабыз. Каапырбы же башкасыбы өзүңдүн билимиң менен, тилиң менен мусулманчылыкка чакыр, ынабаса сен анын чекесине черткенге акың жок. Ар бир жараныбызда “Кудайга коюп кой” деген түшүнүк пайда болот. Өлкөбүздө да, өлкөбүздөн сыртка кетип жаткан да жихадистер жок болмок.
Ал эми хиджабдар боюнча. Президент баш болуп кокуй эле кокуй, хиджаб кийбегиле деп кыйкыра бербей, анда мамлекеттик мамиле жасап, накта кыргыздын оймо-чиймелери менен хиджабга атаандаша турган жоолук, элечек, кыргыздын чапанын иштеп чыгышсын. Мына ушуларды кийгиле деп шарт түзүп беришсин. Кийгиси келбегендерди эч качан кыйнабаш керек. Ар ким Кудай алдына барганда өзү үчүн жооп берет. Хиджабдан трагедия жасаштын кереги жок. Аны кыргыз кийимдерине тез эле алмаштырып коюу өзүбүздөн.

– Өлкөбүздүн Түштүгүндө дайыма улут аралык жаңжал чыгып кетпесин деген коркунуч бар эмеспи? Аны кандай жолдор менен ынтымакка, тартипке салса болот деп ойлойсуз?

– “Эки момун мушташса, акылдуусу күнөөлүү” дейт. Жогоруда айтпадымбы. Мектеп жашынан баштап тарбиялашыбыз керек. Тамырын дарылабасак, өзөгү эч качан айыкпайт. Бийлик эки жашты үйлөнтүп коюп, бири өзбек, бири кыргыз, мына биз ынтымакка чыкырып жатабыз деп пиар кылган менен эч маселе чечилбейт. Эгер Түштүктө жашаган өзбек кыргыз үй-бүлөлөрдүн баары бири-бири менен куда болуп кетишсе анда маселе чечилди десек болот эле. Андай болуш кыйын го?
Жаңжалды алдын алуу үчүн мамлекеттик программа иштеш керек.

– Сиздин жеке аброюңузга тиешелүү суроолордон берсем. Коомчулук арасында, социалдык түйүндөрдө айрым жарандарыбыз “Каркыраны Садыр Жапаров сатып жиберген” деген сөздөрдү жаза калып жүрүшөт. Чын эле сиз сатып жибергенсизби?

– Каркыраны мен сатып жибергидей, атамдан калган менчик огородум эмес да. Керек болсо менчик огородуңду дагы башка бир мамлекетке сата албайсың. Негизинен “Каркыра сатылып кеткен” деген бул ушакчылардын, эл бузарлардын сөзү. Каркыраны сатып, бирөө жарым чөнтөгүнө акча салып алган эмес. Каркыранын кетишине бийликтин шалаакылык мамилеси болгон. Себеби, тээ 2000-жылдары кол коюшуп жатканда Каркырада, Чүйдөгү объезд жолдогу жер, Таластагы Маймактын бир аз жерлери картага туура эмес түшүрүлүп калган. Ушул жерлерди ратификациядан өтө элек кезде кайра карап чыгып, оңдоп алалы, андан кийин ратификациядан өткөрөлү деп 2006-жылы депутаттардын баарын Каркырага чакырып, ар бир тилкени көрсөтүп, атам Нуркожо жана айылыбыздын ондон ашуун аксакалдары баш болуп коргоп жүргөнбүз. Мен депутат болуп турган кезде ушинтип өткөрбөй койгом. Кийин бизди таратып жиберип, СДПК, Коммунистер, Акжолчулар 2008-жылдын жаз айында өткөрүп берип коюшкан. Ошол кезде эң жок дегенде ушул үч партиянын бирөөндө депутат болгонумда өткөрбөй койгонго күчүм жетет эле. Тилеккке каршы, өтүп кетти. Өтүп кеткенден кийин дагы айылдаштарым күз айларында картада бөлүнгөндөн да бери кирип кетишти деп ызы-чуу салышканда, Москвадан жеке каражатыма бир орус картографты алдыртып, ал убакта комиссар болуп иштеп баштаган элем, өзүм барып текшертип бергем. Баары картага кандай түшүрүлүп ратификациядан өтсө ошондой болуп чыккан.
Ал эми Каркыраны Садыр сатып жиберген деген эл оозундагы Сиздин сурооңузга жооп берейин. 2010-жылы революциядан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болгондо Эмилбек Каптагаев менен Эркинбек Алымбеков биздин партияны Ысык-Көлдөн добуш албай калышынын амалын кылышып, “Ата-Журт” Бакиевдин партиясы, “Ак-Жолду” эле “Ата-Журт” кылып өзгөртүп койду, Садыр Жапаров Каркыраны сатып жиберген болчу” деген ушак сөздөрдү бүтүндөй Ысык-Көл өрөөнүнө таратышты. Каптагаев кечээ губернаторлуктан кеткиче чейин эле Ысык-Көл телевидениесинен дал ушул эле ушакты күнү-түнү бердиртип турду. Карапайым эл деген анализ кылбай туруп эле ишене берет экен да. Менин КТР, ЭЛТР, Ысык-Көл телевидением жок болсо, кантип элге так маалыматтарды жеткирем. Андай эмес мындай деп. Айла жок. Мейли эл ишенсе ишене берсин, Кудай бар деп, Кудайга койгондон башка арга жок экен. “Чын эшикке чыккыча, калп дүйнөнү кыдырып келет” – деген чын экен. Мен өзүм төшүмдү тосуп коргоп келген Каркыраны кайра өзүмө каршы колдонгондорунда, чындык элге кеч жетет экенине толук ишендим. Акыры чындык толугу менен элге жетет. Эч капа болбойм.

-“Жыргалаң” шахтасы боюнча сиздин бир тууган агаңызды шахтаны алып иштете албай калды деп күнөөлөп жатышат. Бул маалыматтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Шахтаны өкмөт 2007-жылы итке минип калганда, ачык аукционго коюп сатып жиберген. Ошондо 3-4 фирма катышып, агам утуп алган экен. Барса шахта токтоп калыптыр. Аны жандандырып, карыздарынын баарын жаап, (касса ордерлери турат) жумушчуларынын эмгек акысын бир жарым миңден отуз миң сомго көтөрүп, күркүрөтүп иштете баштайт. Анан эле 2012-жылы мен Кумтөрдүн былыгын ачып баштаган күндөн тартып, өкмөт өзү шахтаны иштетпей койду. Чыккан көмүрүнүн баарын Каракол ТЭЦ менен Каракол Жылуулуккка ташып кетишип, бүгүнкү күнгө чейин “Кыргызжилкомсоюз” акчасын бербей келе жатышат. Анан шахтасын кантип иштетет. Акчасын сурап барса, Ак үйдөн буйрук түшүп жатат, Жапаровдорго акча бербегиле, колдоруна акча тийсе революция кылып жиберишет дешет экен. Революциянын баарын Жапаровдор жасап жүргөнсүп (күлүп).
Баягы эле КТР деген кара жашиктен жумуштан айдалган шахтанын беш-алты кишисин таап алышып, алардан маек алышып, агамды жамандатып чыгарып койсо эле эл ишене берет экен да. Эгер чындык керек болсо, адилеттүү жарандардан турган комиссия түзүп барып текшеришсин. Анан чындык чыгат өзү эле. Эч ким комиссия түзгөнгө каршы эмес. Керек болсо комиссия түзүү бийликтин өз колунда турат го.
Кыскасын айтсам, мен бир дагы бир тууганымдын ишине кийлигишпейм. Ар кимдин өз оокаты өзүндө. Он жыл саясатта жүрүп, бир дагы бир тууганымды мамлекеттик кызматка алып келбедим. Дайыма “Бир үй-бүлөдөн бир эле саясатчы болсо жетет, ар кимиңер өз жеке ишиңер менен алек болгула” деп айтам. Кудайга шүгүр, бир туугандарымдын баары буттарына өздөрү турушкан. Элдин алды болбосо да, жоон ортосунда жүрүшөт. Баары ач көздүктөн алыс.
Маектешкен Нурбек Азимжан

Пикир калтырыңыз:

8 + 1 =