Садыр Жапаров: Коомду жана мамлекетти өнүктүрбөй жаткан бул коррупция
- 20 Сен 2016
- 1605
- 0
Коомду жана мамлекетти өнүктүрбөй жаткан бул коррупция, ал эми «Кумтөрдөгү» тескери көрүнүштөр коррупциянын туу чокусу болуп калды. Коомдогу туташ кризисти жоюп андан чыгып иштөөнүн жолдорун көрсөттү.
1992-жылдан баштап баардык келишимдер мафиялык, мыйзам бузуучулук жолдор менен түзүлгөн. Кыргыз элинин кызыкчылыгын биякка коёлу, тескерисинче өмүр бою Кыргыз элин укум-тукумдарыбызга чейин ууландыра турган, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан 360 гектар жердеги уу калдыктарды алып калдык. Бүгүнкү күндө ошол уу калдыктарды ичип олтурабыз. Ал уу калдыктарды жок кылуу үчүн Канадалык шылуундар бир тыйын дагы бөлбөйт. Баардык түшкөн пайданы сыртка чыгарып кетип жатышат. Буга биздин чиновниктер жана «Кыргызалтын» ишканасы толук эт-бетинен кетип, жардам беришүүдө. Себеби ар биринин үлүштөрү бар. Жогорку Кеңеш түзгөн комиссияны бир тепкич өйдө турганына карабастан башка өкмөттүк комиссия түзүшүп, Темир Сариев башында туруп текшерип келишти. Жогорку Кеңештин комиссиясы көрсөткөн көйгөйлөрдүн 50%ын көрсөтүштү. Экологияга келтирген зыяны үчүн деп, болгону 152 миллион доллар штраф салышты. Анан айтып жатышат эми ушу сумманы төлөп койсун деп. Канаданын өкмөтүнө кайрылалы деп атабыз дешет. Алар өз жаранынын сөзүн сүйлөйт да. Өкмөт менен келишим түзбөгөндөн кийин алардын кандай тиешеси бар биз менен. Биз эгемендүү мамлекетпиз дароо мыйзам чегинде чараларды көрүшүбүз керек. Канаданын өкмөтү «Макул төлөп берсин» - деп айтмак беле. Силер келишимди биздин өкмөт менен эмес, биздин жеке ишкер менен түзүптүрсүңөр. Жеке ишкерлердин келишими үчүн мамлекет жооп бербейт деп айтаарына шек жок. Эң кызыгы ушул 152 млн. долларды төлөп коюп, мындан ары дагы элибизди уу суу ичирип, иштей бергиле деп, элибиздин ден соолугун 152 млн долларга алмашабызбы? Кумтөрдө калган 50 млрд. долларларлык байлыктарыбызды алып кете бергиле дейбизби. Биздин өзүбүздүн жарандар 152 млн. долларды бияка эле коёлу, 152 миң сом жаратылышка зыян келтиргендиги үчүн канчалаган кишилер жоопко тартылышып, түрмөлөрдө олтурушат. Экология келтирген зыяндары 152 млн. доллар эмес, 20 эсе көп. Бул сумма жөн эле комиссия менен сүйлөшүлүп жазылып койгон сумма экенин бөркүңүздөй көрө бериңиз. Мейли 152 млн. доллар зыян келтиришиптир дейли бул үчүн бирөөлөр жоопко тартылыш керек да. Канадалыктар тартылабы, же баягы эле байкуш Кыргыздарбы? Бул ишти баш прокуратура менен МУКК кызматкерлери көрмөксөн болуп отурбашыңар керек.
Ушунун баарын өз көзүңүздөр менен көрүп отуруп, кыргызда айтылгандай «Көзүм көрбөсүн, к...ү бөрү жесин», – деполтура бербестен Кыргызстандын байлыгын соруп кетип, ордуна миллиондогон тонна уу калдыктарды, тоо башына миңдеген жылдарга, бизге эле эмес кийинки урпактарга дагы таштап кетип жаткан, коррупционерлерге жол жок деп, ачык айтып чыгууңарга убакыт келип жетти. «Жоо кеткенден кийин, кылычыңды ташка чап» – дейт. Тарых жана келечек муундардын алдында мамлекет кызматкер, коомдук-саясий ишмер катары баарыбыз бирдей жооп берерибизди унутпаңыздар. Башыңарды бийик көтөрүп өз оюңарды ачык айткыла! Коркпогула! Баарыңарды камап түгөтө албайт!
Урматтоо менен – Жапаров Садыр Нуркожоевич
6-декабрь, 2012-жыл.