Жер жүзүндөгү эң бактылуу шаар
- 03 Окт 2016
- 2079
- 0
Arcadis консалтинг фирмасы дүйнө жүзүндөгү жүзгө жакын үлкөн өлкөлөрдүн кайсынысы мыкты экендигин аныктоо долбоорун негизиндеп чыгышкан. Анда Сеул жер шаарындагы эң бактылуу калаа болуп аныкталган.
Түштүк Кореянын борбор шаарында дээрлик теңсиздик жок жана кылмыштуулук эң төмөнкү көрсөткүчтө. Ал эми жашоочулары башка өлкөдөгү жарандардан бекем ден соолугу менен айырмаланып турат.
Сеул караңгы түндө да жарык күндө да жергиликтүү жашоочулар жана чет өлкөдөн келген коноктор үчүн коопсуз мегаполис экендигинен улам, анда 10 млн калк жашайт.
Түштүк Кореянын бийлиги, өзгөчө өз жарандарынын саламаттыгына жана билим берүүсүнө кам көрүүгө басым жасайт. Дүйнө жүзүндө аталган тармактар менен коомчулук арасында Сеул биринчиликке жеткен.
Соңку учурларда Сеул акырындык менен “акылдуу” шаарга айланууда.
Мисалга: Аз камсыздалган жарандарга колдонулган смарт-түзмөктөрдү, зымсыз тартылган жогорку ылдамдыктагы желеге кошулуу үчүн акысыз берүүнү баштады.
Калаада интеллектуладык камералар, жогорку деңгээлдеги көчө чырактары жана интернет байланыштары да орнотулган.
Айбийке Исакова
ERKINDIK.RU/KG