"Эркиндик" жаштар коому

"Кумтөрдүн" тогуз кайрыгы
  • 18 Окт 2016
  • 1297
  • 0

Кумтөр тууралуу маалыматтарды элге толук жеткирүү максатында митингдерди уюштурууну чечтим. Анткени, бийлик ММК лардан таптакыр тескери маалыматтарды көрсөтүп туруп алды. 2012 жылдын 3- октябрь күнү «Ала-Тоо» аянтына митинг өткөрдүм. Жыйынтыгында, Камчыбек Ташиев Ак үйдүн тосмосунан аттап өттү. Ошондо мени камаганга шылтоо таппай, “Киев көчөсүндөгү имаратты Бакиевдердики экенин билип туруп сатып алыпсың” деп жүргөн Атамбаев менен Салянованын асмандан издегендери жерден табылды. “Булар төңкөрүш жасоого алдын ала сүйлөшүшкөн” деген жалган жалаа менен УКМК нын тергөө абагына камашты. Бир жарым айдан кийин Ө.Текебаев келди. Биздин камакта жатканыбызга боору ооруганбы, - Мен Атамбаев менен сүйлөшүп келдим. Силерди чыгарат. Бир жылга чейин «Кумтөр» маселесин көтөрбөйсүңөр. Мен мойнума алып, кепилдик бердим, - деди. - Жок, андай болбойт. Сизге рахмат, убара болбой эле коюңуз, баары бир көтөрө беребиз, - дедим. Эки күндөн кийин Марат Султанов келди. Фракциядагылар “сүйлөшүүлөргө барышсын, айтып кел” деп жиберишкен экен. Жообум баягы эле болду. Ошентип, тергөө абагында 9 ай бою эки кишилик камерада олтурдум. Камчы, Талант үчөөбүздү үч башка эки кишилик камераларда кармашты. 2013-жылдын январь айларында сот башталды. Сотто күч структураларынын кызматкерлери катуу шылдың болушту. Анткени,”Булар төңкөрүш кылабыз деп шыбырашкандарын уккан эки күбөбүз бар” деп ишке кошуп алышкан экен. Бирөө "Патриот", экинчиси "Охотник". Экөө тең жок. Мындан сырткары, жасалма күбөлөрдөн он чактысы бар. Алар дагы тантышты. Ар бир сот процесси болгон сайын өзүнчө эле спектакль. Зал ичи күбөлөрдүн тантык көрсөтмөлөрүнөн кыраан-каткырык күлкү менен коштолуп жатты. Акырында судья Адыл Субанкулов сот залынан ачык эле айтты. “Өкүмдү мен жалгыз чыгара албайм. Жогору жак менен кеңешишим керек ” деди. Жыйынтыгында, 29-март күнү бир жыл, алты айга соттоду. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, бизге койгон кылмыш беренеси боюнча эң аз дегенде 12 жыл бериш керек эле. Сот болсо, Ак үй кандай буйрук берсе, ошондой өкүм чыгарды.16-апрель. УКМК нын тергөө абагында жатам. Эч күнөөсү жок бир тууган эжем Райкүлдү жасалма кылмыш ишин ачып, камакка алышты. Бул кылыгы менен бийлик мени таптакыр сындырабыз деп ойлошту. Туура он күндөн кийин 26-апрель күнү болжол менен кечки саат 21 де тергөө абагынын башчысы келди. - Сиз макул болсоңуз, бүгүн түнү резиденцияга алып барабыз. Президент менен жолугасыз. Күтүп жатат. Кечирим сурап койсоңуз эле болду. Силерди шаардык соттон актап коюшат. Эжеңизди дароо камактан чыгарышат, - деди. - Жок. Атып салсаңар да, кечирим сурабаймын. Мен кылмыш жасаган жокмун. Эл үчүн деп күйүп жатам,- деп баш тарттым. - Эжем да маңдайына жазганды көрөт, - дедим. Анткеним, эжем камалган күнү эле, - Мен үчүн соодалашууга барбасын. Мен да маңдайга жазганды көрөм, - деп бир тууган инимден айттырып жибериптир. Ошол сөзү мени абдан чыйралткан эле. Ошентип, соодалашуудан жыйынтык чыкпаганына көздөрү жеттиби, айтор эжемди камаган сот кайра эле өзүнүн жеке чечими менен (мыйзам боюнча жогору турган сот чыгарыш керек эле), 7-май күнү кайра чыгарып койду. Албетте, мунун баары Ак үйдүн буйругу менен болду. Ошентип, эжем Райкүл Жапарова адилетсиз 21 күн Бишкектин тергөө абагында жатты...

 

http://erkindik/biblioteka/get_book/6/page?page=1

"Саясатка аралашкан он жыл" китебинен алынды

 

Пикир калтырыңыз:

7 + 1 =