"Эркиндик" жаштар коому

Чыныгы демократия бул ТАЗА шайлоо!!!
Чыныгы демократия бул ТАЗА шайлоо!!!
  • 11 Июн 2020
  • 139
  • 0

Мыйзамды бурмалоого бөгөт коюу, Конституциянын гаранты болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз МИЛДЕТИ! Урматтуу достор, бул тасманы даярдоого, 2010-жылдагы 10-14-июнь күндөрү башыбыздан өткөн кандуу окуялар эске түшүп, биз ишеним арткан бир топ саясатчылардын бийликке жетүүгө жана бийликти тартып алуудагы кылмыштарын жаап, жашыруу үчүн уюштурулганы коомчулукта жана саясатчылардын арасында кенири айтылып жатат. Каза тапкан бейкүнөө адамдар, өрттөлгөн үйлөр, элибиздин ый-зары арамзаа саясатчылар үчүн "оюн" гана болгонун убакыт ачыктады! өкүнүчтүү ...
Айтайын дегеним, биздин мамлекет башчыбыз С.Ш.Жээнбеков "Досун эмес, Элди тандаганын!"- ачык айтып келет...
Бул жолу да, карапайым элди тандап, алардын укугун коргоп, буга чейинки кыргыз президенттеринин биринин да жолун улабаган, бурулуш жасоочу Президент болушуна үмүт артабыз!
Ошол видеокайрылуудагы маалыматтарды боюнча окурмандарыбыз үчүн жазуу түрүндө беруу сунуштары түштү жана бул макала даярдалды.

 

Кыргыз Республикасынын Жарандарынын шайлоого катышуу принциптери


Баарыбызга белгилүү, Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүү жолду тандаган, мында Эл шайлоолор аркылуу өз ниетин билдирет. Шайлоо бул коомдогу демократияны чыңдоо жана анын ажырагыс бөлүгү. Ал эми, таза шайлоо - кадр маселесин жакшыртуу аркылуу бийликти жаңылоо менен келечектеги жашоонун нугун өзгөртүүчү чоң саясий күч. Бул деген бийликтин булагы, бийликтин ээси эл экенин түшүндүрөт. Мындайча айтканда, таза шайлоо жана туура тандоо - элибиздин келечектеги жашоосун аныктайт. Ал эми шайлоого катышуунун принциптери боюнча айта турган болсок, бул жарандардын шайлоо укуктарын эркин, ыктыярдуу жүзөгө ашыруусуна негизделет! Шайлоочулардын эрк-ниеттерине, таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок! Демек, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, ошондой эле административдик ресурстарды пайдаланууга мыйзам чегинде тыю салынат!.


Чет жакта жүргөн жарандардын шайлоо укуктары


Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүргөн жарандарыбыздын шайлоо укуктары боюнча айта турган болсок, анда алар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш бере алышат. Тактап айтсак, консулдук каттоого турган, биометрикалык каттоодон өткөн, «активдүү шайлоо укугуна ээ болгон» Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн баардык жарандарыбыз добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандар үчүн шайлоо мыйзамдарында жакшыртылган шарттар түзүлгөнү боюнча белгилесек анда:


1) Шайлоо мыйзамдарындарынын акыркы редакцияларына ылайык, консул-
дук каттоого турбаган, бирок, биометрикалык каттоодон өткөн мигранттарыбыз Форма-2 арызын берүү аркылуу шайлоого катыша алат. Мындайча айтканда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси шайлоочунун шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы тууралуу Арызы келип түшкөн учурдан тартып шайлоочуну акысыз негизде, убактылуу консулдук каттоого турган адам катары каттайт. Натыйжада, аталган жарандын шайлоо дареги өзгөртүлүп, ниеттенген дарек боюнча шайлоого катышуу укугун алат.
2) Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир аймактагы жүргөн жарандардын саны мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашса, анда Тышкы иштер маселелерин тейлеген органдын сунушу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участкалары түзүлүшү мүмкүн. Демек, Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүргөн жарандарыбыз канчалык көп биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук каттоого турса, анда шайлоочулардын көбөйүшүнө жараша, шайлоо участкаларынын саны дагы көбөйөт дегенди билдирет. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, биометрикалык каттоодон өтүңүздөр, консулдук каттоого туруңуздар, шайлоого активдүү катышыңыздар!.
Ал эми ачылган шайлоо участкалары кайсыл жерде жайгашканы тууралуу маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн сайттарынан маалымат алууга болот.


Шайлоочулардын тизмесин түзүү тартиби


Жогоруда айтылгандай шайлоочулардын тизмесине:
- «активдүү шайлоо укугуна ээ»;
- мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Шайлоочулардын тизмеси алдын ала тизме, контролдук тизме жана акыркы тизме болуп 3 жолу шайлоо участкаларына илинет. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси, добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калгандан кечиктирбей «Тизме» мамлекеттик порталында жеке маалыматтардын тууралыгын тактоо үчүн шайлоочунун туруктуу жашаган жери боюнча жайгаштырылат. Ал эми ошол эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларында добуш берүү күнүнө чейин 70 календардык күн калгандан кечиктирилбей илинет.
Мында, Шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан ар бир шайлоочу:
- жеке маалыматтарында кандай гана болбосун ката же так эместиктерди тапкан учурда, форма -1 арызын толтурат,
- ошондой эле, шайлоо дарегин өзгөртүү ниетин билдиргиси келгендер форма -2 арызын толтурат.
Жогоруда аталган арыздарды толтурууда, шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт деген ченем киргизилген. Тактап айтсак, шайлоочулардын паспортторун мурдагыдай топтоп алып Форма-2 арызды шайлоочулардын атынан толтуруп жүргөн кызыктар тараптарга бөгөт коюлду, дегенге болот. Мындан ары жаран өзү гана шайлоо участкасына келип арызды бериши керек.
Ушул эле Арыздарды, ар бир шайлоочу онлайн режиминде «Тизме» мамлекеттик порталында «Шайлоочунун кабинети» кызмат көрсөтүүсүнөн авторизациядан өтүү аркылуу дагы Арыз бере алат. Мында белгилесек, Шайлоочуга шайлоо участкасына келбей туруп, арыз берүүгө ынгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.


Шайлоочунун эрк-ниетине таасир тийгизген негизги факторлор

Биринчиден, бул административдик ресурс эсептелинет. Мисалы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилиги тарабынан кызматтык көз карандылыктагы кызматкерлердин эрк-ниеттерине таасир этүүсү менен кайсыл бир партиянын шайланышына көмөк көрсөткөндөрүн айтууга болот.
Шайлоочунун эрк-ниетине таасир тийгизген экинчи фактор бул добуштарды сатып алуу. Добушту сатып алуу жана сатуу эң көйгөйлүү маселе! Добушту сатпоо, ар бир жарандын өздөрүнөн гана көз каранды! Добуш сатуу – бул биздин келечекти сатуу, мамлекеттин жоголушуна алып бара жаткан жапайы көрүнүш экенин убакыт өзү далилдеп жатат! Ал эми, добуштарды сатып алуу «ыкмасын» пайдаланган саясатчылар, биздин элди кул сыяктуу абалга жеткирип жаткан эл душмандары деп таануубуз керек!
Жогоруда айтып өткөн административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жана добуштарды сатып алуу факторлору боюнча, шайлоо мыйзамдарындагы толуктоолорго ылайык административдик жана кылмыш жоопкерчиликтери каралган.
Эгерде биз айтылган маселелер боюнча мыйзам бузуулар тастыкталса, шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизет. Бизге белгилүү болгондой, Шайлоо участкаларында шайлоонун жүрүшү автоматташтырылган, мындай жагдайда, мыйзам бузуулар негизинен орун албашы керек. Бирок, ошого карабастан эки өзгөчө учурду айтууга болот:
1) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүн болбосо. Мисалы, добуш берүү үкөктөгү жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына караганда көп болуп чыкса, анда, добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат.
2) Эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында, шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар катталып аныкталса, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат.
Тактап айтканда:
- добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук жасалса;
- башка шайлоочулар үчүн добуш берилсе
- шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү орун алса;
- шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен байланышкан мыйзам бузуулар, шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлүп, шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизет.
Добуш берүүдөгү өзгөчө учурлар
Добуш берүүдо, шайлоочулар негизинен көнүл бура турган учурларга токтолсок, анда:
1) Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын даярдалган кабинада толтурулат. Ал эми, атайын жабдылган кабина шайлоо бюллетенди толтурууда добуш берүүнүн жашырындуулугу сакталгандай жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар көзөмөл жүргүзө ала тургандай болуп орнотулушу керек. Анткени толтурулган бюллетендеги белгини, кызыктар тарапка отчет берүү максатында добуш берүүчү сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбошу керек.
2) Добуш берүү үчүн үкөктөр, добуш берүү үчүн жабдылган эң жакынкы кабинадан 1,5 (бир жарым) метрден ашпаган аралыкта, ошондой эле добуш берүү жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш. Анткени, шайлоочуга бюллетендеги белгини көрсөтүүгө жана добуш берүү жайда турган адамдарга толтурулган бюллетендеги белгини көрүүгө кабина менен урнанын аралыгы мүмкүнчүлүк бербей турган болушу керек.
3) Автоматтык эсептөөчү урнага бюллетенди таштоонун эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча техникалык адистин чакырылган учурларын кошпогондо, Автоматтык эсептөөчү урнанын жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдын болушуна тыюу салынат. Демек, техникалык адиске толтурулган бюллетендеги белгини көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөш керек.


Шайлоочуларды маалымдоодо жана шайлоо алдындагы үгүт иштери

 

Маалымдоо жана үгут иштери боюнча шайлоо мыйзамдарына жаны киргизилген толуктоолор орун алган:
1. Шайлоого аттанган саясий партия, шайлоо алдындагы саясий программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт жана жарыяланган басылманын көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
2. Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында саясий партиянын шайлоо фондусуна каражаттардын келип түшүү булактары жана алардын чыгымдалышы, о.э. саясий партиялардын финансылык отчеттору тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланат.
3. Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү катышуусунун ченеми киргизилген. Мисалы, мурдагылардан айырмаланып дебаттарга талапкердин ишенимдүү адамдары эмес, талапкердин жеке өздөрүнүн катышуу талабы коюлган.
4. Угүт жүргүзүү убагында стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө болбойт деген бир топ жакшы өзгөртүүлөр бар.
Жогоруда белгиленген мыйзамдарды билип, укугубузду туура пайдалануу ар бирибизден көз каранды. Ошондуктан, бийлик элдики деп айтылгандай, өз мамлекетибизге өзүбүз ээ болуп, урпактарга татыктуу өнүккөн өлкөнү өткөрүп беришибиз керек! Ар бир шайлоочу өз добушун сатпай, туура тандоо менен мамлекеттин келечегин аныктай тургандыгын билиши керек. Бул деген бийлик органдарына күчтүү, билимдүү, адилеттүү менеджерлер келсе, келечекте элибизге татыктуу жашоону камсыздайбыз. Баарыбыз биргеликте, ынтымакта жогоруда айтылган эрежелерди бузуучуларга бөгөт коюп, мыйзамды урматтабай, бузуп жаткандарга жол бербешибиз керек!
Урматтуу мекендештер! Өз добушубузду сатпайлы, жакын туугандарыбыз, досторубуз аркылуу, өзүбүздү манипуляциялаганга жол бербейли, негизгиси туура тандоо өзүбүздүн гана колубузда!

Пикир калтырыңыз:

7 + 6 =

Көп каралды