Кыргыз Биримдиги Москвадагы элчиге нааразычылык билдирди
- 22 Июл 2020
- 3037
- 0
Кечээ, 21-июл күнү, Москва шаарында, кыргыздардын «Кыргыз Биримдиги» диаспорасынын жыйыны болуп өттү.
Аталган жыйында мурдакы башкы консул Турдали Орозбаев жана «Кыргыз биримдиги» диаспорасынын Президенти Абдыганы Шакиров баш болгон "Мен Макул эмесмин" кыймылы «Мекенчил» коому жана «Менин укугум бар» кыймылынын активисттери катышты.
Аталган жыйында каралган негизги масалелер кыргыздардын чет мамлекетте ар кандай майда уюмдарга жана кокту-колотко бөлүнгөнү олуттуу көйгөй жаратаарын белгилешти.
Ошондой эле азыркы Орусиядагы элчи-Аликбек Жекшенкуловдун иш алып баруу жөндөмдүүлүгүндөгү чабалдыктарды айтышып, негизги көйгөй бөлүнүү масалесиде Жекшенкуловдун аты бар экендигин жана ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 илдети жайылышына салым кошкондугун айтып өтүштү.
Жогорудагы Жекшенкуловду айыптоолордун себеби катарында Кыргызстанга тизме менен учуп жаткан мекендештердин COVID-19 илдети бар же жок экендигин текшербей, санитардык нормаларды элчиликте сактабай, массалык түрдө нааразычылыктарды күчөтүп, тизме менен учуруп жаткандардын арасында коррупциянын пайда болушуна шарт түзүп жаткандыгы жана өз билемдик кылып Кыргызстандан келген бийлик өкүлдөр менен активисттердин жолугушуусунда өзү дайындаган тизме менен гана киргизип, бийликке жакпаган оппозициялык көз караштагы жарандык активисттерди катыштырбай койууга салым кошуп, мигранттардын укугун ар тараптуу тебелеп жаткандыгын билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында жакынкы арада элчиликке кат жолдоп, көйгөйлүү масалелерди тез арада чечүү масалесин карабаса, Тышкы Иштер Министирлигине кат жолдошоорун жана тийиштүү жерлерге кайрылуу токтомун кабыл алышты.