"Эркиндик" жаштар коому

Манжаларыңыздын узундугуна карап мүнөзүңүздү билип алыңыз
Манжаларыңыздын узундугуна карап мүнөзүңүздү билип алыңыз
  • 20 Апр 2015
  • 5943
  • 0

  Адамдын мүнөзүн бармактарынын узундугу гана сүрөттөп бере алар беле деп ойлоп турасызбы? Албетте жок. Бирок бул макалада балким чындыктын бир үлүшү бар чыгар.

Жакында гана Улуу Британиянын Кемриж университетинин  окумуштуулары статистикалык бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүп көрүштү. Ага ылайык, сиз да өз колуңуздун бармактарын карап көрүүңүз керек болот. Төмөндө сүрөттөр көрсөтүлгөндөй тартипте аты жок жана сөөмөйүңүздү теңештирип көрүңүз да, кайсы түргө кирериңизди тактап алыңыз. 

"А" тиби. Сөөмөй аты жокко караганда кыска болот. 

- Мындай адамдар дайыма көзгө дароо көрүнүп турган адамдар болот. Аларды байкабай коюу мүмкүн эмес. Алар бат тил табышат. Чечкиндүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк жана күтүлбөгөн кадамдарга бара алган адамдар дал ушул типте. Талкууларда алар акылдуу келишет жана ой-пикирлери креативдүү. Андыктан, алар баш катырмаларды оңой таап алышса, таң калбаңыз. Ошондой эле бул түрдөгү адамдар башкаларга караганда көп каражат табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"Б"  тиби. Сөөмөй атык жоктон узун болот.

- Аты жогунан сөөмөйү узун болуп турган адамдар текебер жана кербезденген болушат. Алар өзүнүн тандоосуна, аны курчап турган чөйрөсүнө өтө ыраазы. Куру бекер нерселерге убакыт коротконду жактырышпайт. Мейли соодада, мейли сезимде, алар эн биринчилерден болуп кадам таштагандардан эмес. Алар көңүл борборунда болууну жактырышат жана мактоону кадимкидей кабыл алышат.

"С" тиби. Сөөмөй жана аты жок бирдей узундукта болот.

- Мындай адамдар тынчтыкты сүйүшөт, кең пейил жана чыр-чатактуу учурларды аябай жаман көрүшөт. Алар мыкты уюштургуч жана жашоодо көп нерсеге жетишишет. Бир адамга, жумушуна берилүү менен мамиле кылуучулук дал ушул адамдарга таандык. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

7 + 4 =