"Эркиндик" жаштар коому

Күнүнө 5 мүнөт убакыт коротуп, курсакты 4 смге киргизсе болот
Күнүнө 5 мүнөт убакыт коротуп, курсакты 4 смге киргизсе болот
  • 20 Июн 2015
  • 3257
  • 0

Акыркы мезгилдерде отурган абалда жашоо шарты көбөйгөндүн кесепетинен көпчүлүк адамдарда омуртканын кыйшаюу көйгөйлөрү жаралууда.

Бул жөнөкөй жана натыйжалуу дене сымбатын калыпка келтирүүнүн ыкмасын япон даарыгери Фукуцудзи 10 жыл мурда эле иштеп чыккан. Ыкма чыгып кеткен курсактан арылтып, скелетти баштапкы калыбына келтирет.

Көнүгүүгө күнүнө 5 мүнөт убакытты сарптоо менен сиздин тулку денеңиздин көзгө көрүнгүдөй өзгөрүп, бел ичкерип, омурткалар түздөлөт. Бул ыкма жаңы чыкканда атайын китеп болуп 6 миллион тиражда чыгарылган.

Бирок, ыкманын маани-маңызын бир нече сүйлөм жана сунуштар менен эле сүрөттөөгө болот:

1. Сүлгүнү узундугун 40 см., калыңдыгын 7-10 смден ашырбай катуу жумуру кылып тоголотуу керек. Жайылып кетсепи үчүн бекем кылып байлап коюңуз.

2. Катуу түз жайга отуруңуз (жумшак төшөк же диван болбойт), тоголотулган сүлгүнү артыңызга коюңуз.

3. Тыкандык менен аркаңызга карай жатыңыз, ошол эле учурда колуңуз менен сүлгүнү кармап белиңиздин алдына так киндиктин тушуна жайгаштырыныз. Бул эң маанилүү учур.

4. Буттарыңызды ийниңизге барабар кылып жайыңыз дагы тамандарыңызды “май таман” кылып-баш манжаларды бири-бирине тийиштире бириктириңиз. А согончоктордун аралыгы 20-25см. болсун.

5. Колдоруңузду башыңыздан ашыра түз сунуп, алакандарды ылдый карай буруп, чыпалактарды бири-бирине тийгизиңиз.

6. Баш манжалар менен чыпалактардын бир-бирине тийип туруусун көнүл коюу менен байкаңыз.

7. Ушундай абалда 5 мүнөт жатыныз. Андан соң абайлап туруңуз, анткени көнүгүү учурунда сөөк жана муундар бир аз жылышы мүмкүн.

Эгерде баарын туура аткарсаңыз, денеңиз түздөлүп табигый абалына келе баштаганын байкайсыз. Курсак акырын тартылып, ички органдар дагы ыңгайлуу абалга жайлашат.

Башында 5 мүнөт чыдоо кыйын болот, ошондуктан 2-3 мүнөттөн баштаныз. Жыйынтык бир айдан кийин эле билине баштайт. Бул омурткаларды бекемдөө үчүн жасалуучу көнүгүүлөрдөн укмуштуу тандоо.

Бул ыкманы жасап көрүңүз-арка белиңиз сизге ыраазы гана болот.

Жаңыл Султанова

ERKINDIK.RU

 
Пикир калтырыңыз:

3 + 2 =