Кыргызстанда каттоодон өткөн 948 сойку кыз бар.
- 23 Апр 2014
- 2929
- 0
Кыргызстанда каттоодон өткөн 948 сойку кыз бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламент жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул расмий катталгандары гана, ал эми иш жүзүндө бул көрсөткүч 5 миңге чейин жетет. Министрдин маалыматы боюнча акыркы жылдары сойкукана иштеткен 18 адам кылмыш жообуна тартылган. Айрым маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстандын булуң-бурчтарынан, айрым учурларда коңшу чет өлкөлөрдөн “жумуш иштөөгө” деп апкелинген жаш кыздар сойкулук кылууга мажбурланат. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин бейөкмөт уюмдар айтып келет.
Гүлжан Эшбаева
ERKINDIK.RU