"Эркиндик" жаштар коому

Түрк султандарына гаремдеги кыздарды кантип даярдашкан?
Түрк султандарына гаремдеги кыздарды кантип даярдашкан?
  • 24 Июл 2015
  • 3195
  • 0

Москвалык Яна Бай-Лилик түрк жаранынын жубайы, жогорку окуу жайлардын биринде студент. Ал түрк султандарынын биринин гареминин сакталып калган иш кагаздарын изилдеген. Ошол документтердин негизинде Султандардын гареминдеги аялдардын жашоосу төмөндөгүдөй сүрөтөлөт.

Дүйнөгө белгилүү Осмон империясынын доорунда Султандардын гаремдеринде көптөгөн сулуу кыздар жашаган. Ал кыздар гаремге кокусунан түшүп калган эмес. Туткундардын катарынан сары жана кара чачтуу кыздар тандалып, султандын сарайына алынып келинген. Тандоодо түрк султандарынын табитине ылайык кыздардын ичке белине жана узун буттарына өзгөчө көңүл бурулчу. 

Гаремдеги айымдардын табигый сулуулугуна жана сымбаттуулугуна маани берилип, ал үчүн жалаң табигый ыкмаларды колдонушкан. Гаремде жүздөгөн бөлмөлөр жана чоң бакча болгон. Кыздарга арабада жүрүүгө уруксат берилген эмес, анткени келбетинин сымбатын сактоого жөө басуу керек деп эсептелген. 

Кыздар дээрлик гаремдин ичинен эч жакка чыкпагандыктан убакытты өткөрүү үчүн кубалашып ойношчу. Бир кыз жоолукту кармап жүгүрсө, калгандары аны кубалап жетип жоолукту алган. Жоолукка жеткен айымга сыйлык катары мончого түшүүгө жана укалоого мүмкүнчүлүк берилген. 500-700 адам жашаган сарайда мончого түшүү кыйынчылыкка тургандыктан, бул эң сонун сыйлык эле. Кыздар кошумча ар түрдүү бийлерди үйрөнүшкөн. Андан сырткары гаремде сулууларга арналган көлмөлөр болгон. Ал көлмөлөргө кыздар түшүп, ар кандай көнүгүүлөрдү жасашкан. Ошол убакта султандар кыздарды сыртынан күзөтүп өзүнө түнү өнөктөш боло турган кызды тандашкан. 

Султан менен түн өткөрүүгө тандалган кыздар эң бактылуу болуп эсептелген. Султан менен өткөрүлгөн бир түн  анын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп коюусу толук мүмкүн эле. Султандын төшөгүнө бара жаткан кызды бир күн бою мончого түшүрүп, кооз жасалгаларды, көйнөктөрдү кийгизип даярдашкан. Андан сырткары сөзсүз көзүнө сурма сүртүп, жыттуу атыр себинишкен. Ошол эле учурда бир жолу султандын бөлмөсүнө барган кыздын экинчи ирет баруусу аябай сейрек кездешкен. 

Кыздардын келбетин сактоо максатында тамактанууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Тартипке ылайык, күнүнө 7 жолудан тамак берилген. Кыздар ар дайым эрте менен жана кечинде айран ичишип, деңиз азыктарын, жашылча-жемиштерди кеңири колдонушкан. Ал эми султан менен түн өткөрүп, бир дасторкондо отурган айымдар гана шириндик оозанышкан. Алардын кофе ичкенге да укугу болгон. Бирок, гаремдеги кыздардын баары эле султан менен түн өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан эмес. Кээ бир кыздар жылдар бою күң катары эле кызмат кылышып, шириндик көрбөй эле жүрүшкөн. 

Яна Бай-Лилик бул документтерди изилдөөдө султандын гареминдеги кыздар белгилүү болгон "Даңазалуу доор" түрк сериалында көрсөтүлгөндөй жашаган эместигин айткан. Алардын жашоосу сериалда көрсөтүлгөндөн бир топ кызыксыз жана зээригичтүү өткөнүн белгилейт. 

                                                                                                                                          Каныкей Жороева

                                                                                                                                            ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

6 + 3 =