"Эркиндик" жаштар коому

Мен бул бакытты көпкө күттүм
Мен бул бакытты көпкө күттүм
  • 22 Авг 2015
  • 1037
  • 0

  “Тагдыр сүйлөгөндө, сен унчукпай угууга мажбурсуң” - деген сөздү көп эле жерден угуп, анчалык маани бербегеним менен Гүлай аттуу айымдын тагдыры ойго салып койду. Анда кеп башынан болсун:

-Мен балалыгымда өтө шок кыз элем. Ата-энеме эркелеп, өзүмдү ханышадай сезип бой жеттим. Жаңы гана бой тартып, жигиттер көз арта баштаганда апам ааламдан өтүп кетти. Анын кайгысы менен жүргөнүмдө атам турмушун жаңыртты. Өгөй апам  алгач жакшы эле болчу. Экини төрөгөндөн кийин мени кулга айлантып, атам жокто көп кордуктарды көрсөтүп жүрдү. Мектепти бүтөөрүм менен сүйлөшүп жүргөн жигитиме өгөй апамдын запкысынан качып, турмушка чыгып кеттим. Жолдошумдун колунда жок, жашоосу бир аз кыйыныраак экен. Көнүүгө туура келди. Жыл айланып кыз төрөдүм. Жокчулук, жумушсуздук, ач калуу, тытынып иштөө менен күн өтүп жатты. Кийинчерек үй-бүлөбүз менен макулдашып туруп күйөөм Орусияга кетти. Бирок, ал жумуш жок деген шылтоодон башка эч нерсени айтпады. Ал мезгилде элдер эми гана Орусияга иштегени кетип жатышкандыктан чын эле жумушсуз калгандыр деп ойлогом.

   А мен болсо, күндүз талаада, түнкүсүн ар кимдин төшөктөрүн тигип иштеп жүрүп, атамдын жардамы менен короомо уй байлап алган элем. Ошондой күндөрдүн биринде жолдошум келип, кубанып эле отуруп калдык. Бирок, короомдогу уйду сатып 1 айдан соң кайра кетип тынды. "Эми сөзсүз иштеп сени алып кетем" деген убадасын аткарарын күтүп жүрдүм. Бирок, ошол бойдон дайынсыз 1 жылдай жок болуп кетти. Көрсө, бир аял менен жашап алган экен. Эл арасындагы сөздөргө ишенгим келбегени менен баары бир күнү ачыкка чыкты. Кайын эжем келип, мени үйдөн чыгарып, дарбазаны жаап кетип калды. Кызым экөөбүз жетелешкен бойдон талаада калдык. Атамдын үйүнө барып, өгөй апамдын кулуна айландым да калдым. Бир жылдай турганда атам кокусунан ооруп каза болду. Анан өгөй энем ачык эле кууп чыкты. Мен  жолдошум жарашам деп калар деп үмүтүмү үзбөй жүргөм. Качан гана уулдуу болгонун уккандан соң,  5 жаштагы сербейген кызымды жетелеп алып борборду көздөй жөнөдүм. Бир курбум аркылуу ашканада иштеп, кызым экөбүздүн жаныбызды араң багып жүрдүм. Менин максатым кызымды курсагын тойгозуу жана жылуу кийим кийгизүү эле. Аны карап отуруп өзумдүн бактылуу балалыгымды эстеп, көп көз жаш төкчүмүн.

  Атам менен апамдын алдына отуруп, каалаган тамагымы жеп, каалаган кийимимди кийер элем. Ушунчалык текебер да болчумун. Досторумду кагып-силкип, өзүмдү баарынан сулуу, баарынан кыйын сезчүмүн. Ушул бактысыздыктар текеберлигим аркылуу келгендей туюлар эле. Менин бактысыздыгымды кызым кайталабасын деп  ага жумшак, боорукер болууга үндөр элем. Бала камыр сыяктуу демекчи кызым дал ошондой назик, жанда жок боорукер болуп чоңоюп жатты. Көз ачып жумганча убакыт өтүп кызым 9-классты аяктап калганда, бирге жашаган батирдеги кыз башка жумуш сунуштап калды. Мейманканадагы кир жууп жакшы акча табаарымды айтты. Мен макул болуп бир айдай иштеп калганда, кызым барып анча-мынча жардам берип турчу болду. Ошол жерде иштеген сулууча келген айым кызымы да ишке алып, окуусунан кийин келсе, акча төлөп берерин айтты. Күндөрдүн биринде кызым түштөн кийин жумушуна кетип келбей калды. Түнкү 12лер чамасында чыдабай мейманканага бардым. Издеп-сурасам жанагы айым кызымды мас болуп, бир эркек менен жатып алганын айтты. Ошол номерге кирип барсам кызым жатат. Жулкултатып алып ыйлап жаттым, жашоо түгөнүп, ишенген үмүтүмдөн айрылып калганымды кызыма айтып бакырып да жаттым. Бирок, ал эч нерсени сезбей сулайып жатты. Бети башына суу чачып, үйгө алып барып, ачуум менен аябай сабап салдым. А  кызым болсо, сулк жатып калды. Андан үч күн өткөн соң, кызым көп кабаттуу үйдөн өзүн таштап, өлүп алды.

   Андан кийин мага баарыбир болуп калган. Бир күнү чөнтөгүмдөн бүктөлгөн кат таап алдым. Аны кызым өлөрдөн 1 саат мурда жазып калтырган экен. Катта: “Апаке, кечир мени! Сени азапка салам. Бирок, өзүм бактылуу болом. Ошол күнү жумушка бардым. Иштеримди бүтүрүп кайтып жатсам, Гуля эже чай ичип кет деп жанына чакырган. Чай ичкенден кийин башым айлана баштаганын билем, эсиме келсем бир кишинин койнунда жатыптырмын. Мен эч качан мындай болушун күтпөгөм. Анан сиз пайда болдуңуз. Менин тушүнүшүмчө Гуля эже мага дары берген. Мен ал кишини тааныбайм, апаке ишениңиз! Менин күнөөм жок!  Мен намысымдан айрылып, сизди уятка калтырдым. Башка жашай албайм! Мен үчүн кайгарбаңыз апа!”. Бул катты окур замат менен Гуляга барып, тепкилеп таштадым. Колума тийгени менен ура бердим.

   Акыры мени милиция кармап кетип, камап койду. Гуля болсо, тааныштарын салып жүрүп 3 жылга каматып тынды. Абакта отуруп өлүп алууну самап, асынып да алдым. Бирок, дайым жоолук салынып, намаз окуган Гүлбара эже сактап калды. Ошол аял мени дин жолуна салып, намаз окуганды, Жаратканга шүгүр келтирүүнү үйрөттү. Мөөнөтүм бүтүп чыккандан кийин, ал аялдын жакындары аркылуу тигүү цехине жумушка орноштум. Көп өтпөй, жашы 50дөгү жубайы каза болгон адамга баш кошуп алдым. Жыл айланбай кыз төрөдүм. Ооба, бул кишинин үйү, жүмүшу жана жароокер мүнөзү бар эле. Эң эле мени кубандырганы “Сен түрмөдө отуруп чыккан аялсың”-деп кемсинтпегени болду. Мен үчүн бул чоң бакыт эле! Кызым төрөлгөн соң гана өзүмдү аял катары сезип, менин үй-бүлөм бар экенин туюп, бактылуу өмүр кечире баштадым. Мен бул бакытты көпкө күттүм. Зарыгып, ыйлап күттүм. Жараткан мага көп кыйынчылыкты көрсөтүп, ал тургай абакка отургузуп анан бакыт тартуулады. Өкүнгөнүм бир гана улуу кызымдын өлүмү. Аны эстеген сайын жүрөгүм зырылдай түшөт...  Менин жашоомду өзгөрткөн бул ишеним деп ойлоп кетем. Бул - Жаратканга болгон улуу ишеним. Баары үчүн Жаратканга шүгүр! - деп сөзүн жыйынтыктаган сапарлашым баянын аяктап, кубанычтан көз жашын сүртүп алды. 

 

Айдана

Пикир калтырыңыз:

8 + 0 =