"Эркиндик" жаштар коому

Сирия. Согуш. 3 жаштагы качкын Айлан жана суудагы өлүм
Сирия. Согуш. 3 жаштагы качкын Айлан жана суудагы өлүм
  • 04 Сен 2015
  • 1279
  • 0

  Сирия. Согуш. Качкындар. "Жаны бөлөк, ооруу сезбейт" - дегендей, балким бул сөздөр айрымдар үчүн көнүмүшкө айланган чыгар. Дүйнө коомчулугу качкындардын түрдүү өлүмдөрүнө кайдыгер да карап калган чыгар. Мүмкүн... Бирок, деңиз жээгине чыгып калган 3 жашар баланын өлүмү качкындар көйгөйүнө дагы бир ирет тыкыр үңүлүүгө негиз болуп берди.

Интернетти жара талкууланып жаткан 3 жашар бала Айлан, сириялык болчу. Өзүнүн кыска гана өмүрүндө коркунуч жана согуштан башка нерсе көрбөгөн ал - качкындардын символуна айланды. 

  Айландын үй-бүлөсү Сириянын Түркия менен чектеш Кобани шаарынан келген качкындар эле. Бул шаар учурда “Ислам мамлекети” террордук тобунун толук көзөмөлүндө жана анда азыр бузулган үйлөр гана калган. Алар Түркия аркылуу бир канча чакырымдарды басып өтүшкөн. Болжогон жайга, тагырак айтканда Грециянын Кос аралына жетүү үчүн 2 чакырым гана аралык калган болчу. Бирок Эгей дарыясын сүзүп өтүү керек эле. Бул маршрут качкындар тандап, өтө көп баскан коопсуз жол. Аны Сириядан миңдеген качкындар пайдаланып, айрымдары өлүм, кээ бирлери баш паанек таап келишет.

Ал күнү Айландын үй-бүлөсү: Атасы Абдулла, Апасы Рихан жана 5 жашар агасы болуп Акьярлар районундагы Бодрум жарым аралындагы жээктен аттанышкан. Болжол менен 20 чакты адам 2 кайыкка бөлүнүп отуруп, Европага карай жол тартышкан.

Бирок, сууга чыкканына аз гана убакыт болгондо 2 кайык тең оодарылып кеткен. Болжол менен 12 адам чөгүп, алардын бешөөсү жаш балдар болгон. Албетте, анын ичинде Айлан да бар болчу. Тилекке каршы, сууга кулаган адамдардын жетөөсү куткарылган, 3 жаш бала чөгүп кеткен. Айлан, анын 5 жаштагы агасы, апасы Рихан каза таап, атасы Абдулла тирүү калды. 3 жаштагы Айландын туугандары, Канада аларга баш паанек берүүдөн баш тарткандан кийин ушундай жолго мажбур болушканын айтышууда. Айландын атасы Абдулла алар чыккан кайык оодарылганда аялын жана балдарын куткара албай калганын айтып, кейийт.

Каза болгондордун денелерин суу Бодрум пляжынын жээгине чыгарып койгон жеринен полиция кызматкерлери таап чыгышты. Полиция сууга чөккөн денелерден тышкары кийим-кече, буюмдарды тапкан. Ошол күнү 2 кайык менен чыккандардын экөөсү гана атайын куткаруучу кемселдин жардамы менен аркы жээкке чыга алган.

  Эскерте кетсек, ар жыл сайын Жакынкы Чыгыштан Грецияга карай жана Түркия аркылуу миңдеген качкындар жол тартат. Алардын дээрлик баардыгы өз Мекениндеги согуштан – Сириядан качкандар. Ошондой эле ирактык жана ооганстандык качкындар да бар. Ал эми БУУнун качкындар менен иштөө агенттигинин маалыматына ылайык, бул жылы Жер Ортолук деңизин 300 миң качкын басып өткөн. Алардын 200 миңи учурда Грецияда. Ливиядан Италияга чейинки узак бирок, кургак жолдон көрө Эгей дарыясы аркылуу сүзүп өтүү коркунучтуу эмес деп эсептелгени менен, быйыл бул дарыя 2500 кишинин башын жутту.

Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугу качкындарга көңүл бурдуруу үчүн түрдүү демилгелерди көтөрүп чыгышууда. Түрк жарандары жээктерге жатышып, акция өткөрүштү. Алардын баары дал Айландай кызыл күрмөчөн:

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

Пикир калтырыңыз:

3 + 0 =