АКШ президенттигине ким талапкер боло алат?
Өзүңүздү АКШ президенттигине талапкер катары көрсөткүңүз келсе, анда сиз бул өлкөдө төрөлүп, ушул өлкөнүн атуулу болушуңуз шарт. Курагыңыз 35 жаштан жогору болуп, өлкөдө 14 жылдан кем эмес жашашыңыз керек.
Иш жүзүндө баары жөнөкөй эле, айталы, 1933-жылдан баштап өлкө башына келген президенттер бул кызматка чейин кайсыл бир штаттын губернатору болгон, же болбосо сенатор, анан жогорку чиндеги аскер кызматкери болушкан. Мындан тышкары сиз кайсыл бир партиянын өкүлү болуп, массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн өзүңүзгө тарта албасаңыз, анда сиз талапкер болууну кыялданбай эле койгонуңуз оң.
АКШдагы эң негизги партия - Республика жана Демократиялык партия бирден талапкер тандап алышат. Ар бир штатта февраль айынан тарта шайлоого чейинки праймериз жана кокустар өткөрүлүп, тандоо болот. Праймериздер менен кокустардын жеңүүчүлөрүн июль айында партиянын добуш берүүгө укугу бар мүчөлөрүнүн добушу менен аныкталат. Соңунда партиянын атынан президенттик жарышка чыга турган талапкер бекитилет.
Талапкер канча көп штатта жеңишке жетишсе, курултайда ошончо көп делегаттар аны колдоого алууга тийиш. Шайлоого кыска убакыт калганда талапкерлер үч ирет теледебатка чыгып, ал бүт өлкө боюнча көрсөтүлөт.
“Шайлоочулар коллегиясы” деген кимдер?
Кошмо штататтарда шайлоочулардын өзүнөн добуш алуудан мурун шайлоочулар коллегиясынан добуш алуу маанилүү. Анткени шайлоонун жыйынтыгы ушулардан көз каранды. АКШ 50 штаттан жана Колумбия округунан турат. Алардын ар биринде “Шайлоочулар коллегиясы” деп аталган топ бар. Алардын саны ар бир штаттагы калктын санына байланыштуу болот.
Калк жыш жайгашкан Калифорния сыяктуу штаттарда коллегиянын мүчөлөрү (55 )башка чакан штаттарга салыштырганда көбүрөөк. Ал эми Батыш Виржиния сыяктуу майда штаттарда алардын саны бешөө эле.
Шайлоочулардын коллегиясынын жалпы саны 538 киши. Жеңип чыгам деген талапкер кеминде 270 добуш алуусу керек. АКШнын тарыхында талапкер атаандашынан аз добуш алып, бирок жеңишке жетишкен төрт учур болгон. 2000-жылы Жорж Буш атаандашы Альберт Гордон аз добуш алса да президенттик шайлоону утуп чыккан. Анткени Бушту шайлоочулар коллегиясынын 271 мүчөсү колдогон.
Бирок шайлоочулар коллегиясы чакан штаттар үчүн артыкчылык берип, бардык штаттар калкынын санына карбастан бирдей сандагы сенаторлорго ээ. Ошол эле учурда эл өкүлдөр палатасынын делегаттардын саны ар бир штаттын жашоочуларынын санына пропорциялуу.
Эмне үчүн шайлоочулар коллегиясы тандайт?1787-жылы АКШда конституция кабыл алынганда, өлкөдө 13 гана штат бар эле. Чакан штаттар өздөрүнүн укугу көлөмдүү штаттардын алдында басмырланып калбайбы деп кабатырланышкан.
Ошону менен бирге президентти түз добуш берүү аркылуу шайлоо көпчүлүк үчүн тобокелчил иш катары көрүнгөн. Анан шайлоочулардын коллегиясы деген система орундуу деп табылып, бул өлкөнүн курамындагы ар бир штатка ыйгарым укук берет деп эсептелген. Коллегиянын мүчөлөрүн штаттын мыйзам чыгаруу органдары дайындашкан.
Мезгилдин өтүшү менен талапкерлерди көрсөтүү кийин саясый партиялардын үлүшүнө ооду. Эгер бир дагы талапкер шайлоо коллегиясынын көпчүлүк добушун албаса, анда президентти эл өкүлдөр палатасы дайындайт.
Шайлоолор эмне үчүн ар дайым шейшемби күнү өткөрүлөт?1845-жылы ноябрь айында президенттик шайлоону шейшембиде өтөт деп бекитилген. XIX кылымдын орто ченинде АКШ агрардык өлкө болгон. Ал учурда фермерлер үчүн жакынкы шайлоо участкасына жетүү үчүн ат менен барууга туура келген. Кээ учурда ферма менен мындай жайлардын аралыгы бир нече чакырымды түзгөн. Ишемби жумуш күнү болгон, жекшемби чиркөөлөргө барып сыйынуу, сейилдөө күнү эсептелген. Ал эми шаршемби күнү базарлар иштеген. Демек мындай шартта шейшембиден башка тандоо болгон эмес.
“Оома” штаттарКөп штаттар ар дайым туруктуу түрдө бир эле партияны колдоого алып келишет. Бирок Флорида, Пенсильвания жана Огайо сыяктуу “оома” штаттар да бар. Алардын тандоосу ар дайым өзгөрмөлүү жана арсар. Так ушул штаттарда шайлоо алдындагы өнөктүктөр активдүү жүрүп, ар бир добуш үчүн күрөш болот.
Булак:ББС